Биз менен байланышыңыз

Икрамов депутаттардын жарандыгын текшерүүнү сунуштады

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 788 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламент депутаттарынын кош жарандыгын текшерип чыгуу сунушун айтты. Ал бүгүнкү жалпы жыйында мамлекеттик кызматкерлер арасында кош жарандыгы барларды аныктап, аларды мыйзам алдында ачыкка чыгаруу жана жарандыгынан ажыратуу керектигин белгиледи.

Ошондой эле укук коргоо органдарынын, анын ичинде ИИМ жана чек ара кызматында иштегендердин, саясий партиялардын түзүүчүлөрүнүн жана жетекчилеринин жарандыгын да кароону сунуштады.

Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчи орун басарлыгына Казакстандын жарандыгы бар киши келди. Ал — мамлекеттик маанилүү мекеме. Экинчиден, биз тазаланууну өзүбүздөн баштап, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарандыгын кайрадан карап чыгуу керек. Акыркы фактылар көрсөтүп жаткандай арабыздан башка мамлекеттин атуулдары чыгып жатат. Үчүнчүдөн, укук коргоо органдары анын ичинен ИИМ, Чек ара кызматында иштегендердин кош жарандуулугун аныктоо зарыл, — деди депутат.

Эске салсак, Тазабек Икрамов буга чейин Кыргыз темир жолу ишканасынын жетекчи орун басары Алымжан Хасанов Казакстандын жараны экенин айтып чыккан. Мекеме бул маалыматты четке каккан.

Депутат: «Кыргыз темир жолунун» жетекчи орун басары Казакстандын жараны

Copyright © 2017 Maral FM