Биз менен байланышыңыз

Депутат: «Кыргыз темир жолунун» жетекчи орун басары Казакстандын жараны

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 568 | 0

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары Алымжан Хасанов Казакстандын жараны. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов парламент жыйынында айтып чыкты.

Эл өкүлү “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы стратегиялык объекти. Ошондуктан башка өлкөнүн жаранын бул кызматка ким койсо жооп берүүнү талап кылды.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы бул маалыматты четке кагып, Алымжан Хасанов Кыргызстандын жараны экенин, бирок Казакстанда төрөлүп, өскөнүн, кийин Кыргызстанга келип иштеп калганын айтышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM