Биз менен байланышыңыз

Матраимовду «мафиозникке» айланткан Википедия

Саясат | 12 Дек 2018 | 1300 | 0

Википедияга «Матраимовдордун коррупциялык кланы» деген аталышта кеңири материал жарыяланды. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана анын жакындарынын мыйзамсыз иштери, кантип байыганы тууралуу маалымат жазылган.  Бирок көп өтпөй эле Википедиядагы ал материал өчүрүлгөнү белгилүү болду. 

Орус википедия ачык энциклопедиясында «Матраимовдордун коррупциялык кланы» деген материал жарыяланган. Анда бир туугандар кантип, кандай жол менен байыганы, кайсы президентке «капчык» болгону, уюшкан кылмыштуу топ түзгөнү жана мамлекеттик кадр саясатына аралашып, маанилүү деген орундарды саткандары тууралуу жазылат. Материалда кландын негиздөөчүсү жана башчысы деп Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов белгиленген.

Депутаттын өзү менен байланышып, жарыяланган материал боюнча пикирин угууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок айрым жергиликтүү маалымат булактарына берген маегинде, Матраимов материалды окуп, айласыздан күлгөнүн айткан. Ошону менен бирге материалды ким жазганына кызыкканын билдирген.

-Макаланы соо адам жазган эмес. Мындайга чейин түшпөө керек жана мынчалык төмөн адамды мен көргөн эмесмин. Анда жазылган маалыматтарда түштүк региону боюнча кадр менин колумда экен. Баңгизаты менен алектенип, рэкет болуп кетиптирмин. Мен жөнөкөй эле адаммын. Жазылган маалыматтар жети уктасам да түшүмө кирген эмес. Ошону окуп алып күлдүм. Башкача айтканда, мени Италиянын «мафиозниги» кылып көрсөтүп коюшуптур.

Матраимов бул материалды кимдир бирөө заказ кылган болушу ыктымалдыгын белгилеген. Мындан тышкары, эл өкүлү материалды өчүрүүгө аракет кылаарын айткан.

Дегендей эле, орус википедиясында Матраимов тууралуу маалымат кийин өчүрүлгөнү белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Эргешов эл аралык сайттарга чыккан маалыматтарга бөгөт коюу мүмкүнчүлүк жок болуп жатканын айтып, эртең өзү тууралуу деле каралоо макаланы кимдир бирөө жарыялашы мүмкүн деп кооптонот.

 -Кесиптешим Искендер Матраимов тууралуу чыккан материалды сайттардан эле окудум. Бирок аны депутат болуп тургандагы эле ишмердүүлүгү менен танышмын. Ага чейин эмне иштерди жасаганын билбеймин. Ошондуктан бир нерсе деп баа берүү кыйын.

Интернеттеги Википедия сайтынан кеминде 270тен ашуун тилде маалымат алып, түшүндүрмөлөрдү тапса болот. Каалаган интернет колдонуучу кайсы бир түшүнүк жөнүндө бул энциклопедияга маалымат жарыялап же буга чейин жазылган макалаларга түзөтүүлөрдү киргизе алат.

Саясат талдоочу Расул Авазбек уулу акыркы убактарда Матраимовдордун аты көп айтылып, мурунку менен азыркы бийлик маселелерди териштирүүдө ушул фамилия кайра-кайра чыгып жатканын белгиледи. Ал эми википедияга жарыяланган материал мурунку бийлик тарабынан жасалышы мүмкүн экенин билдирди.

-Учурда Матраимовдордун фамилиясы кайсы тарапка көбүрөөк зыян алып келе турган болсо, алардын каршылаштары тарабынан каралоо жасалып жатат десек болот. Анткени түшүнүктүү да. Википедия цензурасы жок портал сайт болгондуктан, ар кимдин маалымат киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Азыр материалдар алынып салынды деп турат. Демек Искендер Матраимовдун арызын википедия канааттандырган десек болот.

Википедия коммерциялык эмес эркин жана акысыз интернет энциклопедиясы болуп эсептелет. Сайттын эрежелерине баш ийген колдонуучулар макалаларды киргизип, оңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Интернет чөйрөдөгү эң көлөмдүү жана кеңири таанымал маалымат казыналардын бири. Бирок туура эмес маалыматтарды киргизүүнүн алдын алуу чаралары жок. Ошентсе да макала ким тарабынан жайгаштырылганын анын IP адреси аркылуу билүүгө болоорун адистер белгилейт.

IT адиси Тынчтык Жанадылдын маалыматында, википедияда саясат жана бир жактуу маалымат болбойт. Эгерде тастыкталбаган маалымат жайгаштырылган болсо, ал аз эле убакытка туруп, администратор тарабынан өчүрүлөт.

-Бир эле колдонуучу маалыматты киргизип коюп, ал википедияга макала болду деген болбойт. Жайгаштырылган маалымат текшерүүлөрдөн өтүп, администраторлор тарабынан да текшерилет. Негизи википедияда бир эле автор эч качан болбойт. Аталган портал элдики деген мааниде. Ага элдин берген маалыматы чыгат. Эгерде булагы тастыкталбаса, ал макала алынып салынат. Эрежеге ылайык, саясий макалалар болбошу керек. Демек бир жактуу маалымат эч качан жайгаштырылбайт дегенди түшүндүрөт.

Кыргыз википедиясынын негиздөөчүсү Чоробек Сааданбектин айтымында, Матраимовдор жөнүндөгү макаланы жаңы катталган «Kyr» аталышындагы колдонуучу орус википедиясына жайгаштырган. Макала тиешелүү талаптарга туура келбегендиктен, аны өчүрө турган бергилерди коюп, макаланы өчүрүүгө сунуш берген.

-Эмне үчүн андай макала википедияга жайгаштырылды? Себеби википедияга жайгаштырылган маалымат бат жана көп табылат. Ошондой эле эл арасында көп окулат. Ошондуктан атайын аны колдонушса керек. Бирок кыргыз саясаты википедияны өздөрүнүн саясий күрөшүнө колдонууга кылган аракети — жакшы көрүнүш эмес. Анткени википедия бул энциклопедия, утурумдук саясаттан тышкаркы нерсе. Ресурстун белгилүүлүгүн карап, саясий күрөшкө тарта баштаганы жакшы эмес. Мага андан мурун дле кайрылышкан. Алмазбек Атамбаев тууралуу макаланы оңдоп, түздөп бергенмин. Анда кереги жок жаман сөздөр болгон. Ал эми Матраимов жөнүндө баштан аягына чейин каралоо макала экени көрүнүп турат.

Чоробек Сааданбек кошумчалагандай, википедиянын башка тилдеринде да каралаган макалалар жарыяланган учурлар болгон. Маселен, википедия сайтын түзүүчүлөрдүн бири Жимми Уэлсди сындаган макала чыккан. Казак википедиясы бир-эки жылда 250 миң макаланы киргизип, чоң секирик жасаган учурда президенти Нурсултан Назарбаев порталды колдоо аркылуу өзүнүн беделин жакшыртууга аракет кылууда деп элдин сынына кабылган.

Кошумчалай кетсек, википедияда Матраимовдордун иштеген кызматтары да берилген. Ага ылайык, депутаттын бир туугандары Тилек Матраимов — Ош облусунун Кара-Суу районунун акими, Райымбек Матраимов мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары болгон. Ал эми Исламбек Матраимов  болсо экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ички коопсуздук жана текшерүү башкармалыгынын башчысы, Руслан Матраимов – жеке ишкер, Мирлан Матраимов Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси кызматта.

Copyright © 2017 Maral FM