Биз менен байланышыңыз

Парламент Текебаевдин ишин кайра каратууга кызыктар

Саясат | 11 Дек 2018 | 865 | 0

Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети  Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кат жолдойт. Мындай чечим 11-декабрда аталган комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Парламентти укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кайрылуусу жана «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупованын баяндамасы окулду.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов фракция Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча президентке жана Башкы прокуратурага кат жолдонгонун айтты. Ошону менен бирге ишти кароого 5 жагдай негиз болоорун кошумчалады.

Текебаевдин кылмыш ишинде саясий буюртма аткарылган. Негизги доогер болгон Леонид Маевский ушул сыяктуу иш боюнча Орусияда кармалып, камакта отурат. Башка да жайгдайлар боюнча адвокаттар далилдерди табышты. Биз мыйзам боюнча кайра карап чыгууну талап кылабыз. Муну комитет да колдоп берүүсүн суранабыз.

Буга чейин «Ата Мекен» фракциясы Леонид Маевскийдин Текебаевге жалган-жалаа жабуу үчүн жалданганын ырастай турган далилдер бар экенин билдирген. Мындан тышкары дагы төрт жагдайды аныкташып, адвокаттары документтерди даярдап койгонун белгиленген.

Комитет жыйынында «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова 2019-жылы 1-январдан баштап жаңы кодекстердин күчүнө кирерин белгиледи. Мында эки саясатчыга карата кылмыш иштин формасы өзгөрөрүн билдирди.

-Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого болот. Анын ишин сөзсүз кароо керек. 2019-жылы жаңы кабыл алынган кодекстер күчүнө келет. Буга Текебаевге менен Чотоновго козголгон кылмыш иши карама-каршы келип калат. Биз президент жана Женеванын адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу даярдап жатабыз. Текебаевдин соттук ишинде көп ката кетирилген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал Текебаевге чара туура колдонулганын, ошентсе да “аны каматтырбай койсом болмок” деген өкүнүчү бар экенин айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев «Ата Мекен» партиясынын Текебаев боюнча кайрылуусун колдоо керек деп эсептейт.

-Айтылып жаткан жагдайлар боюнча таанышып чыктык. Массалык маалымат каражаттарында акыркы жарыяланып жаткан маалыматтарга ылайык, кылмыш иши саясий куугунтуктун негизинде болгону көрүнүп турат. Ошондуктан кесиптештеримдин кайрылуусунун жөнү бар. Аны колдоо зарыл, чечимди Башкы Прокуратурага жиберүү керек.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал сөз болуп жаткан документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Бүгүнкү күндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинде түзүлгөн комиссия “Белизгейт» деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишинен «жашыруун» деген грифти алып салуу боюнча иштеп жатат. Мындан улам Текебаевдин тарапташтары аны жаңы жылда акталып чыгат деп божомолдошууда.

Саясат талдоочу Марс Сариев кийинки жылы Текебаев менен Чотонов акталышы мүмкүн дейт.

-Мунапыс менен акталууга Текебаев макул болбой коёт болушу керек. Анын иши саясий кырдаалга жараша каралат го. Анткени саясий куугунтук менен эле камалып кетишти. Тарапташтары бир топ далилдерди аныктап жатат. Алардын ишин кайра кароого мүмкүнчүлүктөр көбөйүп калды.

Соңунда тармактык комитет саясатчылардын ишин кайра кароо боюнча Башкы Прокуратурага кат жиберүү чечим кабыл алды.

Эске салсак, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура тарабынан «Ата Мекен» фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Текебаевге «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов камалып, 8 жылга кесилген болчу.

Башкы көзөмөл органдын берген маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев «Мегаком» иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM