Биз менен байланышыңыз

Баткен: Аймакты өнүктүрүүдөгү өрнөктөр жана өксүктөр

Коом | 11 Дек 2018 | 821 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган аймактарды өнүктүрүү жылында Кадамжай районунда кыргыз-тажик биргелешкен «Интерфрукт» кургатылган жана жаңы бышкан мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканасы ачылды. Ишкананын ачылышы менен 20га жакын киши жумуш орундары менен камсыз болду. Эми мындан иштелип чыккан продукциялар дүйнөлүк рынокко чыгарылат. Ал үчүн Казакстан жана Орусия өлкөлөрү менен келшимдер түзүлгөн. Ишкананын жетекчиси Аббосжан Мадазимовдун айтымында, «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыяланышы ишкананын ачылышына түрткү болду

-Буга чейин аймактарга эч кандай көңүл бурулган эмес эле. Быйылкы жылда аймактарга көңүл бурулуп, жаңы ишканалар ачылды. Биз да быйыл кургатылган жана жаңы бышкан мөмө жемштерди кайра иштетүүчү ишканасын ачтык. Бул жерде бүгүнкү күндө 16 жумушчу иш менен камсыз болду. Алардын 80%ын жаштар түзөт. Демек муну менен аймактарга көңүл бурулуп, өнүгүп жатат.

Ал эми облус тургундары быйыл анчейин деле өнүгүү байкалбай жаткандыгын айтып жатышат. Аткарылып жаткан жумуштар бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен ишке ашырылып, мамлекет тарабынан өнүгүүнү сезбей жаткандыктарын айтышууда.

Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганы менен ФАП, балдар бакчасы, каналдардын ачылуусу бейөкмөт уюмдардын каржылыгы менен ачылып, жергиликтүү бийлик барып тасмасын кесип ачылыш кылып коёт. Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялангандан кийин мамлекет өзү аймактардагы элдин көйгөйүн аныктап, бул жумуштарды чечип, аймактарды өнүктүрүш керек болчу. Тилеке каршы, бул жумуштар бейөкмөт уюдар же болбосо чет элдик инвесторлордун жардамы менен гана аткарылууда.

-Аймактарды өнүктүрүү деп туура программа кабыл алынды. Бирок чындыгында бул иштер акырын жүрүп жатат. Муну тездетип, бул боюнча иш алып барыш керек. Аймактардагы кичи бизнести өнүктүрүп, айыл жерине керектүү болгон актуалдуу иштер аткарылышы керек деп ойлойм.

-Менин өзүмдүн жеке оюм боюнча региондорду өнүктүрүү быйылкы жылда гана эмес, буга чейин мындан кийин да өнүктүрүп турулушу керек. Ар бир тармак өнүктүрүү жылы деп жарыяланбаса деле өзүнүн тармагында өнүктүрүүнү колго алса оңой болмок. Баткен шаарынын тургуну катары өнүгүүнү деле анча байкаган жокмун. Бирин-серин бар, бирок көрүнүктүү байкалган жок.

Анткен менен, аймактарды өнүктүрүү жылында Баткен районунун айылдардында ички жолдор жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолууда. Эң негизгиси, айылдардагы сугат суу маселесине көңүл бурулуп, инвесторлордун колдоосу менен ирригациялык каналдардын курулушу башталган. Дара айыл аймагынын башчысы Закир Байзаковдун айтымында, эгерде жаңы курулуп жаткан суугат каналдардын курулуштары аяктаса, Баткен районунун Дара жана Кара-Бак айыл аймактарында миңдеген жаңы жерлер өздөштүрүлөт.

-R4 каналынын курулушу башталган. Курулуштун сметалык баасы 400млн сомду түзөт. Кытайдын грантынын негизинде ишке ашып жатат. Мында каналдын сыйымдуулугу мурдагыга караганда 2 кубка көбөйөт. Натыйжада, Дара айыл аймагында 500 гектар жер, ал эми Кара-Бак айыл аймагында 1000 гектар жер өздөштүрүлөт.

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Абдинаби Кадыровдун айтымында, мамлекет башчы тарабынан аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланышы алыскы аймактардын өнүгүүсүнө жол ачты. Анткени буга чейин социалдык-эконмикалык, өнөр жай тармагындагы ишканалардын баары борбор шаарларда ачылып, алыскы аймактарга көңүл бурулбай келген.

-Быйылкы жылда банк тармагындагы кызматтар, тейлөө кызматын көрсөтүү, инвестиция тартуу, айыл чарбасындагы кайра иштетүү өңдүү бир канча маселелерге жол ачылды. Айылдарды өнүктүрүү боюнча жакшы кадамдар башталды. Алгачкы саамалыктар сезиле баштады. Бирок муну менен гана «бүтүп калды, толук аткарылды» дегендик эмес. Бул айыл жерлериндеги иштин башталышы гана. Ошондуктан бул багыттагы маселелерди кийинки жылдарга да өнүктүрүп, 5 жылдык программалар кабыл алынса жакшы болмок.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2018-жыл — Аймактардын өнүктүрүү жылы болуп жарыяланган. Региондордун өнүгүүсүнө кам көрүү кийинки жылы да уланып, ал үчүн бюджеттен 2млрд сом да каралды.

Copyright © 2017 Maral FM