Биз менен байланышыңыз

Атамбаев-Бабанов: жектөөдөн актоого айланган мамиле

Саясат | 11 Дек 2018 | 926 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши жабылуусу керектигин айтты.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоо өнөктүгү мезгилинде Он-Адырда айткан сөзүндө эки улутту бөлүүгө чакырык жасоо аракети болбогону аныкталды. Ошондуктан ага козголгон кылмыш иштери жабылышы керек. Мындай пикирди экс-президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бабанов элдин ынтымагы үчүн депутаттык мандатын өткөрүп берип, өлкөдөн чыгып кетти. Бул аракети улут аралык ынтымыкты козутууга ниети жок экенин көрсөттү.

-Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда айткан сөзү ачык айтканда бир топ кыргыздардын ачуусун келтирди. Бирок эгерде эмоциясы жок карасак, биринчи экспертиза менен эки улутту бөлүүгө чакырык жасоо деп козголгон. Бирок андан кийинки экспертизаларда эксперттер «андай болгон эмес, бул чындыгында эмоция менен айтылган сөз» деп чыгышкан. Бабановдун иштери жабылышы зарыл. Ага рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуш үчүн бир аракет кылдыбы? Ачыгын айтканда, менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип, алданып калды. Ошондуктан мен дагы өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам.

Экс-президент Атамбаев Өмүрбек Бабановго козголгон иштер жабылышы керектигин азыркы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго да айтканын кошумчалады. ​

Бабановго карата «конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө эл алдында чакырык таштоо» жана «расалык, улуттук жана диндик кастыкты козутуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул эки иштин акыркысы жабылган, биринчиси токтоп турат. Анткени УКМК козголгон кылмыш иши боюнча суроо-талаптарга жооп күтүп жаткандыктан, иш токтоп турганын белгилеген. Бул жооптон кийин коомчулук Бабановдун иши жабылып, акталышы мүмкүн деп божомолдорду айтышкан.

Аны айыптоого Он-Адырдагы 2017-жылы 28-сентябрда жергиликтүүлөрдүн арасында «Тизелеп жашагыча, тик туруп өлгөн артык» деген сөзү негиз болгон.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев Бабановго саясий негизде кылмыш ишин Атамбаев өзү козготконун айтып, эми маселени өзү чечүүнү көздөп жатканын белгиледи.

-Башынан бери эле Бабановдун партиялаштары, пикирлештери ага жана Канатбек Исаевге укук коргоо органдарынын аша чапкандыгы менен саясий негиздемелер менен иш козголгонун айтып келебиз. Эч кандай юридикалык негиздери жок. Ошол себептен ачык-айкын саясий негиздер менен козголгон иштерди жокко чыгаруу керек. Эми муну экс-президент өзү дагы тастыктап жатат. Бийлик элдин тандоосун сыйлоо негизинде ишти жабуусу керек. Алмазбек Атамбаев өз колу менен жасаганды өзү чечейин деп жатат.

Буга чейин «Республика–Ата Журт» фракциясынын депутаттары фракциянын мурунку лидери Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин токтотууну президентке сунуштап, ишти калыс кароого чакырышкан. Ал арада депутат Руслан Казакпаев  Бабановдун ишин жабуу боюнча Атамбаев жана Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр болгонун тастыктады. Ошону менен бирге Бабанов Кыргызстанга кайтып келе турганын айтты.

Өмүрбек Бабанов саясатка кайтабы же жокпу, чечимди өзү кабыл алышы керек.  Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев маегинде Бабанов эмне үчүн саясаттан кеткенин, эмне үчүн өлкөдөн сыртка чыкканын, Он-Адыр боюнча ачылган кылмыш иши саясий максатта болгонун ачык айтыптыр. Буга башка деле комментарий керек эмес болуш керек. Президент муну өзгөчө көзөмөлгө алышын суранат элем. Бабанов бир жыл бою өз сөзүндө бекем турду. Бабановдун мамлекеттен чыгып, саясаттан кетишине, ынтымак үчүн ошол жакта болуп турушуна 3 тараптуу келишим болгонун Атамбаев ачык айтыптыр. Ошондуктан ал Кыргызстанга кайтып келиши керек жана келет.

Кыргыз Реcпубликасынын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев өз кезегинде Атамбаевдин Бабанов жөнүндө билдирүүсүн эки жүздүүлүктүн белгиси деп эсептейт.

Анын айтымында, экс-президент өзү жасаган кылмыш иштерин азыркы мамлекет башчыга шылтоодо.

-Биринчиден, Атамбаевдин саясатчы катары канча жүзү бар экенин көрсөттү. Ал Абдил Сегизбаев аркылуу Бабановго кысым көрсөткөнүн ачык далилдеди. Өзү жасаган иштерди иштеп жаткан президентке шылтоологону — эки жүздүүлүк. Өмүрбек Бабановдун иши тергөөдө турат. Тергөөдө Бабанов өзү келип көрсөтмө берип, күнөөсүз экенин далилдесин. Ошондо гана кылмыш иши жабылышы толук мүмкүн.

Саясат талдоочулардын баамында, Алмазбек Атамбаев ар кандай билдирүүлөр менен бүгүнкү күндө өзүнө уюмдаш боло тургандарды издеп жатат. Анткени саясатчылардын электоратынан колдоо үмүт кылып жатат.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев мурунку президент өзү жасаган иштерге кечигип баа берип жатат деди.

-Президенттик шайлоо күнү да Атамбаев Бабановду шайтан дегенге чейин барган. Эми өзгөрүп кетип, кылмыш ишин жапсын дедим эле, буга азыркы президент күнөөлүү дегенсип жатат. Мунун чын-жалганын Кудай жана өзү гана билет. Эгерде Жээнбеков коррупцияга чырмалбаган бир топ чиновниктерди камабай, өз кызматында иштей берсе, кечегиндей сөздөр болбойт беле.

Эске салсак, «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы өзүнө карата айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM