Биз менен байланышыңыз

Курал Чокоев: «Шоу-бизнес азыр өнүкпөй эле турат»

Жакында эле үйлөнүп, бойдокчулук менен коштошкон таланттуу ырчы мырза Курал Чокоев кезектеги «Желе шоу» программабыздын ардактуу коногу болду. Ал эфирибиздин баардык оюндарына активдүү катышып , кызыктуу маек куруп берди. Жана азыркы учурда шоу-бизнес өнүкпөй жатканын кошумчалады.

«Шоу бизнес азыр өнүкпөй эле турат. Азыр өзүңүздөр байкагандай эле ырлардын көбүн тойго ылайыктап жазып калдык. Ооба, биз деле үй-бүлөбүздү багышыбыз керек. Бирок мен мурун сынактарга да барып турчу элем. Азыр болсо сынакты да токтотуп койдук. Буга дагы бир себеп бул чөйрөдө профессионал адамдар аз.

-Азыр сынакка барып келген күндө да бат эле унутулуп каласың. Учурда кооз кийинип, боёнуп алып клиптерди тарттырып койсо эле аны эл иштеп атат деп кабыл алат. Анан дагы азыр кыз сыяктуу чачтарын боёгон эркектер чыкты. Алардын оюнда шоу бизнести өнүктүрүп атабыз дешет. Жок, алар тескерисинче, эстраданы булгап атышат. Бизге азыр күчтүү, элге жакшы эмгек жарата турган адамдар керек«,-дейт ырчы Курал Чокоев.

Copyright © 2017 Maral FM