Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн «Мекеним» улуттук кыймылы түзүлдү

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 2013 | 0

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн жалпы кайрымдуулук кылып жаткан фонддордун,  кайрымдуулук кылган жарандардын башын бириктирген «Мекеним» улуттук кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу аталган кыймылдын түзүүчүлөрүнүн бири, ырчы Курал Чокоев билдирди.

Жардам берем деген адамдар көп экен, ошолордун баарын бириктирип, биргелешип иш кылсак деген ойдо бир платформа түзүп, сайт ачтык. Барыбыз биргелешип иштесек, ийгиликтүү болобу деген ойдомун. Сайтта эки бөлүк бар.  Биринчи бөлүк «Мен жардамга муктажмын» деген бөлүк. Экинчи бөлүк » Мен жардам бере алам» деген бөлүк», — деди Чокоев.

Курал Чокоев билдиргендей, жардам бере алам деген адамдар үч түрдүү жардам бере алат. Алар: акчалай, волонтердук иш менен жана онлайн сабактар, ар түрдүү курстар, программаларды үйрөтүү.

Муктажмын деген адамдар https://mekenim.online/ сайтына кирип, адресин жана эмнеге муктаж экендигин жазса, сайтта баары бөлүнүп, даректүү жана эң керектүү болгон муктажыктарын камсыз кылынат.

Copyright © 2017 Maral FM