Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Текебаевге мыйзам боюнча туура жаза колдонулган

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 698 | 0

Өмүрбек Текебаевди камакка алууда жаза мыйзам боюнча эле колдонгон. Мындай пикирин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” каналына берген маегинде айтты. Ал Текебаевдин 1 млн долларды алганын жанындагылар да айтып эле жүргөн деп Өмүрбек Абдырахмановду мисал келтирди.

-Мурда айтканымдын мааниси башка болчу. Мыйзам боюнча жаза туура колдонулган. Бирок мен мыйзамды бузуп эле Текебаевди каматпай койсом болмок деген өкүнүч болду окшойт. Күч органдарына да айткам, баары мыйзамдын чегинде болсун деп.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаевге «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM