Биз менен байланышыңыз

«Гүлен» маселесине Айтматовду аралаштырган Анкара

Саясат | 10 Дек 2018 | 381 | 1

Өткөн аптада Түркиянын парламент төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

Түркиядагы ири саясий фигуранттын бири саналган парламент төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Анда төрага түрк бийлигинин буга чейинки адатын кылып, Фетхуллах Гүлен менен тиешеси бар дегендерди Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы «маңкурт» жана «Манас» эпосундагы көзкаманга салтыштырып, төмөнкүдөй пикирин айтты.

-Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланышка көлөкө түшүргөн бир маселе бар. Ал Түркиядагы төңкөрүш аракетин жасаган ФЕТО террордук уюму. Бул маселе боюнча Чыңгыз Айтматовдун тилинде бир мисал келтирейин. Айтматовдун “Алар силер сыяктуу кийинет, сүйлөйт. Бирок өзүнүн мамлекетине чыккынчылык кылат. Өз элинин душмандарына кошулуп, өз улутуна каршы иштейт” деп жазганы бар. Бул каарманды «Манас» эпосунда Көзкаман деген аталыш менен да айтылган. Бирок Көзкаман менен Маңкуртту чаташтырбаш керек. Маңкурт-бул акылынан айныган, эмне кылганын билбеген байкуш. Көзкаман — бардыгын билип туруп иш кылган чыккынчы. «Гүленчилер» дал ушул Көзкаман сыяктуу. Чыңгыз Айтматов аларды абдан жакшы билген жана насыят катары айткан экен. 

Албетте, Түркиянын Гүлен маселесиндеги көз карашы, Кыргызстанга берген талап сыяктанган сунушу буга чейин да берилип келген. Айрыкча, ушул маселеге келгенде бир тууган өлкө экенин улам эске салып келген Түркия Айтматовдун атын саясатка биринчи ирет аралаштырып отурат.

Төраганын мындай сөзү талкуу жаратып, Айтматовду саясатка аралаштырганын сынга алгандар бар. Мындай көрүнүш дипломатияга туура келбей турганын Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиев белгилейт.

-Бул дипломатиялык жактан туура эмес. Анын үстүнө мындай кеп, төрага айта турган сөз эмес. Эмне үчүн ал биздин улуу классикти саясатка пайдаланышы керек? Булардын бир эле ою бар. Келген сайын эле Гүлен темасын көтөрүшөт. «Сапатты» жапкыла! Жоготкула!»-деген кептерин түшүнбөйм. Кармышын! Айтматов бир дагы жолу Гүленге каршы чыккан эмес.

Ал эми саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Түркиянын бул аракети Айтматовдун 90 жылдыгы менен куттуктаганы зекигенге тете мамиле менен аяктаганын белгилейт. Түркиянын «Сапат» мектептерге байланыштуу сөздөрдү токтотууга мезгил келгенин жана бул үчүн кыргыз бийлиги тийиштүү жоопту бергенин эске салды.

-Булар Айтматовдун цитатасын келтиримиш болуп, өздөрүнүн саясий максатын айтып жатышат. Чыгаан инсандын 90 жылдык мааракеси менен куттуктап келе жатып, кайра эле эски пластинкага түшүп калууда. Ошону менен чиновниктердин куттуктоосу кайда калды дагы, зекиген аракети кайда калды? Ошонусу түшүнүксүз. Албетте, бул жакшы көрүнүш эмес. Түрк туугандардын мынчалык көп эле бизди кемсинткен аракети жакшы эмес.

Чындыгында, Чынгыз Айтматов «Сапат» мектептерин ачууга кызыктар болгон инсандардын сап башында турганы айтылып келет. Жада калса, түрк бийлигинин тынчын алган бул окуу жайлардын  бирине залкар жазуучунун ысымы берилген. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Искендер Ормон уулунун айтымында, Түркия тарап берип жаткан маалымат чындыкка коошпойт. Бул жагынан Айтматов мындай кептерди айтуусу мүмкүн эмес,-деди ал.

-Чыңгыз Айтматов көзү тирүү кезинде лицейлерге атын берүүгө макулдугун берген. Жылда туулган күнүн ошол жерде белгилечү. Канча сүйүнүчтүү күндөрү ошол билим берүү мекемелеринде өттү. Эгер түрк бийлиги айтып жаткан маалымат чын болсо, Чыңгыз Айтматов тирүү кезинде айтпайт беле? Бул жалган сөз. Жалаанын чекке жеткени. Эгер кыргыз элине боордош эл экенин далилдегиси келсе, эмне үчүн инвестиция тартуу, алаканы бекемдөө тууралуу сөз кылынбайт?

Ушуну менен түрк бийлиги үчүнчү жолу мамлекеттик жогорку деңгээлдеги жолугушууларда Фетхуллах Гүлендин кыймылы боюнча маселени коюп жатат. Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келгенде да адатынча бул маселени көтөрүп, кыргыз бийлигине эскертүү жасаган. Ага президент Сооронбай Жээнбеков жооп катары “Себат” лицейи «Сапат» деп өзгөртүлгөнүн, учурда ал мекемелер мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айткан.

1 пикир

1 пикир

  1. Бактыгул

    10.12.2018 22:31

    Жогору даражалуу турк бийлигинин окулу официалдык иш сапар менен келбей,озунун арам ойун ачык-айкын корсотуптур.Бул иш чара менен турк тарап мамлекетибизди алсыздыгын корсотуп,чындыкка топ келбеген жалган жалааларды жаадырыптыр.Турк парламент торагасы коркоктук кылып заманыбыздын залкары дуйно жузуно таанымал Ч. Айтматовдун тируу кезинде эмес дуйно салганында анын абийирине, ар наамысына доо кетирип жатат. Бул менен кара ниет Биналы Йылдырым акылсыз, сабатсыз, дипломатиядан кабары такыр жоктугун далилдеди.Урматтку кыргыз эли жана мамлекети бул маселеге чек койулушу керек. ТИМ эмне кылып олтурат?, озун билбегенге билдириши керек, нота жонотсун биринчи ирет кайталанган маселе эмес. Эгемендуу Кыргызстан оз жолун, эмне кылаарын кандай чечим чыгараарын кыргыз эли озу чечет. Сырттан келген чыккынчыларга муктаж эмес. Турциянын озундо турмодо эч бир куноосуз жаткан элинен кечирим сурасын.Ак ийилет бирок сынбайт.Чындык ачыкка чыгат буюрса.!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM