Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкектеги жаңы жылдык балаты жандырылат

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 915 | 0

Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарына орнотулган жаңы жылдык балаты жандырылат. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, салтанаттуу иш-чара саат 19:00дө башталат.

Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр. Аны 2015-жылы Кытайдын элчилиги белек кылган. Балаты 350 оюнчук, узундугу 240 метр болгон жарык диоддук гирлянды жана 240 метрлик мишура менен кооздолгон.

Салтанаттуу иш-чарада коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 700 милиция кызматкери тартылган. Саат 18:00дөн тартып 23:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап, Эркиндикке чейин, Абдумомунов көчөсүнүн Раззаков көчөсү менен кесилишкен жеринен тарта Орозбековго чейинки бөлүгү жабык болот.

Copyright © 2017 Maral FM