Биз менен байланышыңыз

Айтматовдун элеси коллекциялык монеталарда

Экономика | 10 Дек 2018 | 1254 | 0

Улуттук банк менен биргеликте эфирге чыгып жаткан “Эколикбез” программасы бул жолу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Улуттук банктын коллекциялык монеталарындагы Айтматовдун элеси” темасына арналды. Бул тема алкагында Улуттук банктын нак акчалар менен иштөө башкармалыгынын башкы экономисти Күмүшай Артыкова маек курду.

Марал: Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жаңы монета чыгарылды. Анын өзгөчөлүгү эмнеде?

Күмүшай Артыкова: Жазуучунун 90 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлде өтүп жаткан иш-чаралардын катарына Улуттук банк дагы салымын кошту. Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрь айынан тарта Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы аттуу коллекциялык монетаны сатууга чыгардык. Анын номиналы 20 сом, 5 миң даана чыгарылды, баасы 700 сом. Улуттук банктын бардык кассаларынан сатып алууга болот.

Ошондой эле бул улуттук валюта расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Монета жез никель металлынан жасалган. Алдыңкы бетине Айтматовдун портрети жана анын кол тамгасы түшүрүлгөн. Арткы бетинде жазуучунун чыгармасындагы ак кеме жана Бугу эненин элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн алкагында чагылдырылган.

2000-жылы чыгармаларына арналып, 5 күмүш монета чыгарылган. Азыркы учурда да алар сатууда бар. Мисалы, “Биринчи мугалим”, “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Жамиля”, “Саманчынын жолу” чыгармаларына арналган. Алардын наркы 1800 сомдон сатылат.

Коллекциялык монеталарды Улуттук банктын кассаларынан жана интернет сайт аркылуу буюртма берип сатып алса да болот, биздин интернет сайт май айында ачылган.

Марал: Айтматовдун чыгармаларына арналып жасалган монеталарга суроо-талап кандай болуп жатат?

Күмүшай Артыкова: Кызыккандар көп болууда. Сатып алуу жогорулады.

Марал: Буга чейин Айтматов чагылдырылган 300 сомдук банкноттун чыккандыгы тууралуу маалымат социалдык түйүндөргө кеңири тарап кетти эле, бул маалымат чындыкка дал келеби?

Күмүшай Артыкова: Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени Улуттук банк тарабынан 300 сом деген номинал банкноттук катары да кездешпейт. Чынында 3-4 жыл мурун Чыңгыз Айтматовго арналган 300 сом деген монета чыгарылды деген маалыматтарды көргөнбүз. Бирок аны жазуучунун күйөрмандары өз алдынча эле чыгарды окшойт. Бул төлөм каражаты статусуна ээ эмес.

Марал: Улуттук валюта сомдогу чагылдырылган инсандардын катарында Айтматовдун элесин киргизүү сунушу көп айтылып жүрөт, буга Улуттук банк кандай карайт?

Күмүшай Артыкова: Азыркы учурда Улуттук банк тарабынан мындай план жок. Аны биз кийинки чыгарылыштарда бул маселени карашыбыз мүмкүн. Азырынча кажет жок десек болот.

Марал: Улуттук банк мезгил-мезгили менен коллекциялык монеталарды чыгарып турат, анын чыгаруунун максаты эмнеде?

Күмүшай Артыкова: Коллекциялык монеталар калк арасында руханий агартуучулук максатында чыгарылат. Эркин акча каражаттарын чегерүү үчүн шайман катары да кызмат кылат. Элдер белек катары да колдонушса жакшы болот. Себеби анда тарыхый маанилүү окуялар чагылдырылат.

Коллекциялык монеталар жыл сайын чыгарылып турат. Ал үчүн дайыма иш-чаралар планы түзүлөт. Мисалы, келерки жылы кандайдыр бир тарыхый окуя катталса ага арналган да монеталар чыгарылат.

Мындан тышкары, башкы бизде башкы нумизматикалык план бар, ал 2023-жылга чейин. Аны сайтыбыздан көрүү мүмкүн.

Марал: Монетага инсандардын портрети же жаныбарларды чагылдыруу ким тарабынан чечилет?

Күмүшай Артыкова: Улуттук банктын башкармасы тарабынан чечилет. Ал үчүн биздин нак акчалар менен иш алып баруу башкармалыгы иликтөө жумуштарын жүргүзөт, маданий, тарыхый окуялар тууралуу маданият министрлигинен маалымат алып турат. Улуттук академиядагы институттар менен дагы иштешешип, алардын ассортиментин дагы эске алабыз.

Азыркы учурда ондон ашуун сериядагы монеталар чыгарылат. Мисалы, тарыхый окуялар сериясы, Кыргызстандын кызыл китебиндеги жаныбарлар сериясы, улуттук музыкалык аспаптар сериясы бар. Муну менен катар ЕАЭБ өлкөлөрү арасында да монеталык программа кабыл алынган. Ал өлкөлөр менен биргелешкен монеталар чыгарылат. “Кыргызстан улуу жибек жолу” сериясы да бар. Анда Бурана, Таш-Рабат, Ысык-Көл, Манастын күмбөзү аттуу ар кандай монеталар чыгарылат.

Марал: III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган монета чыгарылган эле, алар азыр сатууда барбы?

Күмүшай Артыкова: Ал монета дагы өтө популярдуу, аны коллекционерлер гана сатып албастан, биздин кыргызстандык жарандар да сатып алышты. Учурда ал монеталар сатыкта жок.

Марал: Монеталарды жасоонун технологиясына токтой кетсеңиз, алар кандай металл менен, кайсы жерде, кимдер тарабынан жасалат?

Күмүшай Артыкова: Монеталардын технологиясы жыл сайын өзгөрүлүп турат. Аны заманбап технология менен жасоого умтулабыз. Алгач планды кабыл алгандан кийин зерканалар арасында ачык сынак өткөрөбүз. Анда кайсы зеркана утуп алса, аны менен келишим түзүлүп, монета жасалат. Азыркы учурда биздин монеталар көбүнчө Казакстан, Орусия, Словакия, Польша мамлекеттеринде жасалат. Чыңгыз Айтматовго арналган монеталар Орусияда чыгарылды.

Бизде азыркы учурда алтындан жасалган монетанын төрт түрү бар. Күмүш монетадан 51 түрү, ошондой эле жез никелден жасалган 18 түрдүү коллекциялык монеталар бар.

Жасоо ыкмасы кандай? Мисалы, ак илбирс монетасы алтындан жасалган, анын көздөрү бриллиант менен чегерилген. Ушул эле монетанын күмүштөн жасалган түрүндө илбирстин көзү «сваровски» асыл таштары менен чегерилген.

Түстүү эмаль, кычкылдандыруу, голограмма деген технологиялары бар. Муну менен катар эле алардын формаларын да өзгөртүп жатабыз. Мисалы, жалаң эле тегерек формада эмес, төрт бурчтук, сүйрү, алты кырдуу монеталар чыгарылып жатат.

Күмүш монеталардын баалары 1,5 миңден баштап 3,5 миңге чейин болот. Ал эми жез никель монеталардын баалары 200-700 сом деп белгиленген. Алтындан жасалган монеталар – 23 миң сомдон башталат, ал Курманжан даткага арналган монета. Ошондой эле Ак илбирстин монетасы 65 миң сомдун тегерегинде. Анткени ага бриллиант дагы чегерилген.

Марал: Коллекциялык монеталар боюнча конкурстар өткөрүлүп турат. Чыңгыз Айтматовго арналып чыгарылган монеталар кандайдыр бир конкурстарга катышып, сыйлыкка жетишкенби?

Күмүшай Артыкова: 2009-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын топтомуна арналган монеталар чыгарылган. Ошол монеталар Орусияда эл аралык сынакка катышкан. Анда алар Ардак диплому менен сыйланган. Бул диплом, сыйлыктардын баары банктын сайтына жайгаштырылган.

Марал: Бүгүнкү күндө канча коллекциялык монета жүгүртүүгө чыкты эле?

Күмүшай Артыкова: Коллекциялык монеталар 1995-жылдан бери чыгарыла баштаган. Эң биринчи “Манас” эпосунун миң жылдыгына арналган алтын жана күмүш монеталар чыгарылды. Андан бери азыркы убакытка чейин 73 түрдөгү монеталар чыкты.

Марал: Монетаны дат басып калган учурда эмне кылса болот? Аны пайдалануу эрежелери барбы?

Күмүшай Артыкова: Монеталарга өтө кылдат мамиле кылуу керек. Монеталар акрил капсуласына, кайра өзүнчө футлярга салынат. Ошол акрил капсуласын ачпаш керек, анткени кол менен кармалганда чийилип калат, кырынан кармаса болот. Аны кебез менен да сүртүүгө болбойт. Нымдуулуктан, жылуулуктан алыс сакташ керек. Жүгүртүүдөгү монеталардын максаты башка, аларды дат басып калса, Улуттук банкка алып келип алмаштырса болот.

Марал: Улуттук банк чыгарып жаткан монеталар эл аралык аренада кандай бааланат?

Күмүшай Артыкова: Эл аралык аброю абдан чоң. Себеби биздин монеталар бир топ эл аралык сынактардын жеңүүчүсү болгон. Алардын биринчиси Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган монеталар, ошондой эле Германияда өткөн сынакта “Улуу жибек жолу” күмүш монетасы эң мыкты деп табылган. Мындан тышкары, Москва шаарында өткөн сынакта “Саймалуу таш” күмүш монетасы үчүнчү орунга ээ болду. Бул өзгөчө технология менен жасалгандыгы үчүн сыйлыкка татыган.

Марал: Коллекциялык монеталарды сатуудан түшкөн каражат эмнеге жумшалат?

Күмүшай Артыкова: Улуттук банк коллекциялык монеталарды сатуудан пайда көрүүнү максат кылбайт. Аны сатуудан түшкөн каражат кайра эле монета чыгарууга сарпталат.

Марал: Алдыңкы убакытта кандай түрдөгү монеталарды чыгаруу пландарыңыздар бар?

Күмүшай Артыкова: Жакынкы убакытта биз коллекциялык монеталардын түрүн көбөйтүүнү пландап жатабыз. Мисалы, келерки жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке киргендигинин 5 жылдыгы белгиленет. Ушул ири окуяга арналып дагы монеталар чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM