Биз менен байланышыңыз

Зилалиевди түрмөгө түрткөн «жашыруун» акча

Саясат | 10 Дек 2018 | 820 | 0

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камалды. Мындай чечим 9-декабрда Биринчи май райондук сотунда чыкты. Маалыматка ылайык, Зилалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатат. Ал көрсөткөн декларациясында айрым мүлкүн жашырган деп айыпталууда.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга тергөө абагына камакка алынды. Ага кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деген айып менен Кылмыш кодексинин “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголуп, 8-декабрда кармалган. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Зилалиевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкү аныкталды. Ал мамлекеттик кызматта иштеп турганда 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктарда сактап келген 889 миң 900 АКШ долларын декларацияда көрсөткөн эмес.

-Зилалиев 2011-2016-жылдары мамлекеттик кызматта туруп, жеке өзү 2 миллион 541 миң 527 сом, жубайы 408 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Бирок тергөөнүн жыйынтыгында Зилалиевдин башка дагы акча каражаттары жана кыймылсыз мүлктөрү бар экени белгилүү болгон. Анын коммерциялык банктардын бирине сактап жүргөн 889 миң 900 доллар акчасы табылды. Андан сырткары Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экендиги аныкталды. Бирок ал мүлктөр жакындарынын атында болгон.

Мындан тышкары, 2017-жылы Зилалиевдин жакындарынын бирине Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки кеңсе имараты катталган. Алып-сатуу келишимине ылайык, имараттын бири 34 миллион сом, экинчиси 19 миллион сом турат.

Ошондой эле ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турганда жумушу жок жакынына Кыргызстандагы алтын казылуучу жана бир канча кен байлыктар жаткан жерлердин лицензиясын каттатып койгон. Өзүнүн бир туугандарына жазылган турак-жайлары, батирлери жана жер тилкелери да аныкталган.

Ал эми Зилалиевдин адвокаты Учкун Каримов “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишине карата шектүүнү камакка албай башка жолдор менен деле чарасын көрсө болорун айтат.

-Зилалиевге «мыйзамсыз баюу» беренеси менен иш козголуп, айыбы угузулган. Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралды. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, анын кармалышы буга чейин толтурган декларациясына байланыштуу болуп жатат. Себеби УКМК айрым мүлктөрүн декларацияга көрсөткөн эмес деп жатат. Бул эми тергөөдө аныкталат.

Ал 2017-жылдын 17-ноябрына чейин вице-премьер-министр, андан соң Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси болуп иштеп турган. Андагы декларациясы жарыялана элек.

Мурунку мамлекеттик кызматкер 2015-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору катары декларация тапшырган. Анда негизги жумушунан 550 миң сом киреше тапканы айтылат. Турак-жайы да, автоунаасы да жок.

Ал эми жакын туугандары 119 000 сомго иштеген. Эки батирге жана дачанын 50 пайызына ээлик кылат. 2004-жылы чыгарылган Honda CRV унасы бар.

Кийин 2016-жылы Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси катары киреше булагын тапшырган. Анда көрсөткөн байлыгы да 2015-жылдагыдан айырмаланбайт. Негизги жумушунан тапкан кирешеси 583 миң сомду түзөт.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттеги акыркы билдирүүсүндө аткаминерлердин декларациялары жакшылап текшерилерин эскерткен.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев «декларацияда мүлкү толук көрсөтүлгөн эмес» деген айып менен камоо туура эмес деп баалады.

-Зилалиевдин маселеси кызык эле болуп жатат. Башында туура эмес маалымат таратты деп камалып, эми башка иш менен кылмыш иши козголуп жатат. «Мыйзамсыз баюу» деп эле камакка алуу туура эмес. Эгерде бир жакка качып кете турган болсо гана кармашса болот. Бизде сотко чейин камап коюу куугунтуктун бир түрү болуп калды. Кыргызстанда миңдеген мамлекеттик кызматкер бар. Алардын ичинен да мүлкүн толук көрсөтпөй коюптур деп баарын камай берсек, кандай болот, билбеймин. Алгач Зилалиевдин кылмыш ишин карашы керек. Негизи Зилалиевди камаш керек беле? Ушул маселени кароо зарыл.

Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкер декларацияда мүлкүн толук көрсөтпөсө, жоопкерчиликке тартылат деп белгиленген. Бирок буга чейин мүлкүн жашыргандарга кылмыш иши козголгон эмес. Бул боюнча иш ачуу алгач ирет Зилалиевге колдонулуп жатканын эксперттер белгилейт. Болгону административтик айыппулга жыгылып келгенин саясат талдоочу Акылбек Сариев белгиледи.

-Декларация боюнча административдик гана жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Мыйзамда кылмыш иши каралган эмес. Белгиленген бир өлчөмдө гана айыппул төлөнөт, эгерде декларацияны туура эмес толтурган болсо. Кылмыш ишин козгоо үчүн тастыкталган бир жүйөлүү себептери болушу керек. Козгоп койсо, демек бир нерсени табышкан.

Өлкөдө декларацияда мүлкүн жашырган көп эле чиновниктердин аты айтылып эле келет. Жакында эле мамлекеттик кызматкерлердин 2017-жылы тапшырган декларациясы жарыяланган. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин 48 депутатынын жеке өздөрүнө катталган турак үйлөрү жок. Алардын сап башында эң бай адам катары аты чыккан КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, депутаттар Искендер Матраимов,  Азамат Арапбаев, Таабалды Тиллаев, Талант Мамытов, Алмазбек Баатырбеков, Канатбек Исаев, Нурбек Алимбеков жана башка аткаминерлердин үйү жок болуп чыккан.

Ошондой эле Башкы прокуратура да мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тапшырган Бирдиктүү декларациясын текшерген. Анын жыйынтыгында прокуратуранын 14 кызматкери жана Тышкы иштер министрлигинин 11 кызматкери жоопкерчиликке тартылсын деген чечим чыгарылган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев болсо элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирген.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, өлкөдө кызмат абалынан пайдаланып байыгандар көп. Аларды четинен камаса, коомчулукта жакшы көрүнүш болмок.

-Өнүккөн, мыйзамдуу өлкөлөрдө «мыйзамсыз баюу» аракетине тактык менен карашат. Мамлекеттик кызматкер ар бир сатып алган буюмун далилдеп турушу керек. Кыргызстанда андай нерсе жок болуп калды. Биздин чиновниктер мамлекеттик кызматка келгенде республикалык казынага коркпой колун салып жеп жатат. Аларды сураган киши болгон эмес. Совет мезгилинде эмне алсаң, отчеттун берчүсүң. Акыркы 27 жылда Кыргызстан инвесторлор үчүн эмес, мамлекеттик кызматкерлер үчүн бейиш болуп калды. Негизинен кылмыш иши козголуп жатканы — туура маселе.

Кошумчалай кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевге былтыр 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен иш козголгон. Анын негизинде Зилалиев бул иш боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылга шарттуу соттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM