Биз менен байланышыңыз

Адамкул Жунусовду Кыргызстанга экстрадициялоо чечими чыкты

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 785 | 0

Бакунун соту Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду камакка алуу жана экстрадициялоо боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекетттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Адамкул Жунусовду мекенине кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Тийиштүү кагаздар түзүлгөндөн кийин Жунусов Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Адамкул Жунусов декабрдын башында Баку шаарында кармалган. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылган. Ал 2013-2016-жылдары Бажы кызматын жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM