Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Финансы министри кызматына сунушталган талапкерди жактырды

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 539 | 0

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети премьер-министр тарабынан финансы министри кызмат ордуна дайындоого сунушталган Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды.

Ал ушул жылдын 6-декабрында өз каалоосу менен отставкага кеткен каржы министри Адылбек Касымалиевдин ордуна көрсөтүлүүдө.

Талапкерди депутаттарга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тааныштырды. Анын айтымында, Жээнбаева узак мезгил аралыгында өзүн мамлекеттик каржы саясаты жаатындагы чыныгы кесипкөй жана тажрыйбалуу кызматкер катары көрсөтө алды, ал министрликке толук татыктуу.

Белгилей кетсек, Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Ушул тапта Президенттин кеӊешчиси болуп иштейт.

Ал ага чейин Улуттук банк, «Айыл Банк», Мамлекеттик ипотека компаниясы сындуу ири каржы мекемелерин жетектеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM