Биз менен байланышыңыз

Дүйшөнбек Зилалиев эки айга тергөө абагына камалды

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 641 | 0

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.

Зилалиевге кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деген айып менен Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголуп, 8-декабрда кармалган.

Кошумчалай кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевге былтыр 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен иш козголгон. Анын негизинде Зилалиев бул иш боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылга шарттуу соттолгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM