Биз менен байланышыңыз

Баткенде Улуттук гвардиянын аскери асынып алды

Кыска кабар | 9 Дек 2018 | 884 | 0

Баткен шаарында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер асынып алды. Бул тууралуу укук коргоо органдары кабарлады.

Такталган маалымат боюнча  аскер Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Ал 23 жашта болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн эртең менен өзү жашаган батирде табылган.

Бул маалыматты Улуттук гвардия дагы тастыктады.

«№ 707 аскердик бөлүктүн сержантын сөөгү бүгүн эртең менен өзү жашаган батирде табылган. Ал Ноокат райондук военкоматынан 2017-жылы чакырылган. 

Азырынча суициддин себеби катары жакындарынын ортосунда чыккан түшүнбөстүк»- деп айтылып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM