Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү 4 млрдды ашты

Кыска кабар | 9 Дек 2018 | 711 | 0

Мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү 4 млрд 427,11 млн доллар же 308 млрд 497,99 млн сомду түздү. Бул маалымат ушул жылдын 31-октябрына карата алынган. Анын ичинен тышкы карыздын көлөмү 3 млрд 806,90 млн доллар же 265 млрд 279,50 млн сом. Ал эми ички карыз 620,21 млн доллар  же 43 млрд 218,49 млн сомго жеткен.

Мамлекеттик тышкы карыздын ичинен эки тараптуу насыянын көлөмү 150 млрд 260,72 млн сом($2 млрд 156,32 млн) түзөт.

Ал эми жеңилдетилбеген насыялардын көлөмү 602 млн сом же $8,64 млн.

Финансы министрлигинин берген маалыматы боюнча көп тараптуу жеңилдетилген насыялардын 31-октябрга карата көлөмү 110 млрд 958,09 млн сомду көрсөткөн. Көп тараптуу жеңилдетилбеген насыялар болсо 3 млрд 458,69 млн сом.

Copyright © 2017 Maral FM