Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченко UFC чемпиону болду

Кыска кабар | 9 Дек 2018 | 622 | 0

Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко биринчи жолу өзүнүн краьералык жолунда UFC чемпиону болду.

Бүгүн, 9-декабрда Канадада өткөн турнирде Шевченко атаандашы Жоанна Енджейчикти
жеңди. Мушкерлер UFC уюмунун 57 килограмм  салмактагы чемпиондук наамы үчүн кармашышкан.

Белгилей кетсек, бул беттешти спорт сүйүүчүлөрү чыдамсыздык менен күтүшкөн. Маалыматка ылайык, Валентина Шевченко ММА боюнча 15 мелдештин жеңүүчүсү. Эки ирет бразилиялык Аманда Нуниске, бир жолу америкалык Лис Кармаучка утулган. Ал эми каршылашы Енджейчик дагы 15 беттешти утуп, эки ирет америкалык Роуз Намаюнаска жеңилип, 52 килограмм салмактагы чемпиондук наамынан ажыраган.

Белгилей кетсек, Шевченко азырынча мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында алгачкы UFC чемпиону.

Copyright © 2017 Maral FM