Биз менен байланышыңыз

Орусиядан келген инвестиция 3,2 эсеге өстү

Кыска кабар | 9 Дек 2018 | 663 | 0

КМШ өлкөлөрүнөн сырткаркы чет өлкөдөн келген инвестициялардын көлөмү 2017-жылдын 9 айына салыштырмалуу 1,6 эсеге кыскарган. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, келген инвестиция Канададан 25,2 эсе,  Кытайдан 1,8 жана Улуу Британиядан 6% азайган.

Тикелей инвестициялардын 35,7% Кытайга, 11,4% Нидерландга, Улуу Британия 7,5%, Түркия 7% жана 5% Швейцарияга туура келет.

Ошондой эле, КМШ өлкөлөрүнөн келген тикелей инвестициялардын өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу тескерисинче 1,4 эсеге көбөйгөн. Анткени Орусиядан келген инвестиция 3,2 эсеге өскөн. Ал эми Казакстандан 35,6% , Өзбекстан болсо 12,6% төмөндөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM