Биз менен байланышыңыз

Францияда Макронго каршы чыккандардын саны 125 миңди ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2018 | 643 | 0

Парижде ишемби күнү өкмөткө каршы өткөн көтөрүлүштө 1миңден ашык киши камалды. Жүздөгөн жаран көзөмөлгө алынды. Бул туурасында Euronews Франциянын ИИМ маалыматына таянып жазды.

Көтөрүлүшчүлөрдү кармоо таңкы саат 7де башталды. Биринчи кезекте колунда курал катары колдонууга мүмкүн болгон каражаты барлар кармалган. Ал эми жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 чамасында Макрондун саясатына каршы чыккан көтөрүлүш курчуп, полиция ыйлатуучу газ колдонгон.

Ал эми күндүн экинчи жарымында каршылык акциясына чыккандар дүкөндөрдү өрттөөгө аракет кылышкан. Ошондой эле алар бульварларда автоунааларды өрттөшкөн.

Натыйжада  120 киши жаракат алган, анын ичинен 17 полиция кызматкерлери болгон.

Маалыматка ылайык, ишемби күнү Парижде орун алган өкмөткө каршы көтөрүлүшкө 8 миңдей киши катышты. Ал эми өлкө аймагы боюнча өкмөткө каршы чыккандардын саны 125 миңге жеткен. Мындай нааразычылык акциялары 17-ноябрдан бери өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM