Биз менен байланышыңыз

Меркелдин партиясынын жетекчилигине Аннегрет Крамп-Карренбауэр шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2018 | 643 | 0

Германияда Христиан-демократиялык союзу партиясынын башчылыгына Аннегрет Крамп-Карренбауэр шайланды. Ал үчүн съезддин 999 делегатынын 517си добуш беришти.

Бул партияны Ангела Меркель 20 жыл башкарып, эми жетекчилигин өткөрүп берди.

Аннегрет Крамп-Карренбауэрдин саясий позициясы кыйла консервативдүү жана катаал. Өзгөчө, Орусияга карата европалыктардын мамилесин өтө эле жумшак жана алешем деп баалайт.

ARD телеканалына берген маегинде Орусиянын Балтика аркылуу Германияга мунай ташуучу «Түндүк агым-2» долбоорун Орусияга каршы колдонуу тууралуу айтты.

Анын пикиринде Керч кысыгындагы украиналык үч кемени кармап алуусуна каршы Германия Орусиянын аталган долбоорунун мунай көлөмүн азайтуусу керек болчу. Бирок биротоло токтотуп коюу аша чапкандык болмок.

Copyright © 2017 Maral FM