Биз менен байланышыңыз

«Датка-Кеминдин» чыгымын текшерүүчү топ аныкталды

Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 929 | 0

Жогорку Кеңештин 6-декабрдагы жыйынында «Датка Кемин» жогорку чыңалуудагы линиясын куруудагы акча каражаттарын колдонууну текшерүүчү депутаттык комиссиянын курамы аныкталды. Бул топ аталган долбоордогу акча каражатынын колдонуунун ачык-айкын жүрүп жатканына мониторинг жургүзөт. Топтун курамына төмөнкү депутаттар киришти:

КСДП: Абдувахап Нурбаев, Аида Касымалиева, Мухтарбек Айнакулов, Максат Эгембердиев.

«Республика-Ата Журт»: Умбеталы Кыдыралиев, Закир Шарапов, Курманкул Зулушев.

«Кыргызстан»: Азизбек Турсунбаев, Данияр Төлөнов.

«Бир бол»: Исхак Масалиев, Бактыбек Турусбеков.

«Ата Мекен»: Каныбек Иманалиев.

 

Copyright © 2017 Maral FM