Биз менен байланышыңыз

Финансы министри кызматтан неге кетти?

Күн чекит , Саясат | 7 Дек 2018 | 1072 | 0

6-декабрь күнү Финансы министри Адылбек Касымалиев кызматтан кетти. Анын отставкасы тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Касымалиев бул кызматты 2015-жылдан бери жетектеп келген. Анын кызматтан кетүүсүнүн себеби эмнеде? Жана анын ишмердиги кандай бааланууда? Бул тууралуу «Күн чекит» программасынын алкагында ЖК депутаты, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү Сайдулла Нышанов жана V чакырылыштын депутаты Равшан Жээнбеков менен маек курдук.

Марал: Министр Касымалиевдин кызматтан кетүүсү өз каалоосу менен болдубу же ишмердигине байланыштуу коомчулукка беймаалым факторлор барбы?

Сайдулла Нышанов: Менин билишимче бул жигит министрлик кызматын жакшы аткарды. Эч кандай алдым-жуттумун же коррупциялык иштерге аралашканын көргөн жокпуз. Кызматтан өз каалоосу менен эле кетти деп ойлойм. Себеби бир ай мурда өзү менен сүйлөшүп калганымда чарчаганын, кызматын тапшыруу ниетин билдирген эле.

Равшан Жээнбеков: Менимче Касымалиевдин отставкасына бир нече фактор себеп болду. Биринчиден, ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен да иштешкен. Эми бул бийлик менен иштеп жатат. Эки түрдүү режимде иштөө оор болду болуш керек. Экинчиден, азыр Кыргызстанда финансылык абал оор. Мурдагыдай сырттан бюджеттик колдоолор дээрлик келбейт, гранттар жокко эсе. Мындай абалда иштөө абдан кыйын. Ошол үчүн кандайдыр бир көйгөй жарала электе алдын алып, кетип калган болушу мүмкүн. Дагы бир ыктымал, президенттин жана өкмөт башчынын ишеничине кире албаган болушу мүмкүн. Финансы министри деген өлкө башчынын жанындагы ишенимдүү адамы болуш керек да. Ошондуктан ортодогу мамиле бекемделбей калган болуусу да мүмкүн.

Марал: Жакында кийинки жылдын бюджети кабыл алынды эле. Отставкасына мунун таасири болгон жокпу?

Сайдулла Нишанов: Жок. Бюджетте артуулар, азаюулар ар дайымкыдай эле болуп келген. Бирок келе жаткан жылдын бюджетинин дефицитин 20 миллиард сомдон 10 миллиардга түшүрдү. Андан кийинки жылдары дефицитсиз кирүүнү пландап, анын жол-жобосун түзүп кетти. Бюджетти бир аптага кечигип алып келгени эле болбосо башка маселе жок.

Марал: Дээрлик төрт жылга жакын аталган министрликти башкарыптыр. Анын ишмердигине кандай баа бересиз?

Равшан Жээнбеков: Кадимкидей, катардагы министрлердей эле иштеди. Негизи Кыргызстанда министрлер эч нерсени чечпейт. Маселени чечүүчү эки гана фигура бар: биринчиси-президент, экинчиси-премьер-министр. Башкалары болсо алардын көрсөтмөсүн аткаруучу техникалык гана кызматкерлер.

Марал: Сиздин оюңузча Финансы министри кандай болуусу керек эле?

Равшан Жээнбеков: Негизи премьер-министр дагы, президент дагы министрлерди угуусу зарыл. Анткени иштин өзгөчөлүгүн, тармактын чоо-жайын кесипкөй катары алар билишет. Өнүккөн өлкөлөрдө министрлердин идеясы менен иш алып барышат. А бизде тескери болуп калган. Министрлер өкмөт башчынын айтканын аткарышып, ал айткан тапшырманы аткарууга аракет кылып жатып тармакты артка тартышат, планды ордун толтура албай кыйналып жүрө беришет. Бул мамлекеттин экономикасына абдан чоң терс таасирин тийгизет.

Марал: Эми Касымалиевдин ордуна ким келет деп ойлойсуз?

Сайдулла Нишанов: Ким болсо да эң негизгиси эл үчүн иштейм деген ак жүрөк бирөө келсе жакшы болот. Тажрыйбалуу киши келсин деген менен алар деле тажрыйбасына салып өз кызыкчылыгына мамлекеттин мүлкүн пайдаланып кетип жатпайбы. Ошол эле мезгилде кесипкөй, финансы тармагын мыкты түшүнгөн болуусу шарт. Андайлар бизде көп. Татыктуу кадрды коёт деп ишенем.

Copyright © 2017 Maral FM