Биз менен байланышыңыз

Жунус уулу: Жол министри болгондор — жалаң байлар

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 1048 | 0

Түндүк-түштүк альтернативалык жолун куруунун кымбатка турушуна Транспорт жана жолдор министрлигинин коррупцияга батышы себеп. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу «Марал» радиосуна билдирди.

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканда ири суммадагы акчанын алынышы эл өкүлүн таң калтырган.

-Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушунда алар ар бир баада талашып-тартышып соодалашканда, бул жол 1 млрдга эмес жарымына эле бүтмөк. Алар бааны көтөрүү менен столдун астынан акча алып келгенин мурда угуп, логикага салып ойлоп келген болсок, бүгүн ачыкка чыгып отурат.

Түндүк-түштүк жолуна кеткен чыгымдарды, бааларды кайра карап чыгуу муктаждыгы жаралганын да билдирди.

Транспорт жана жолдор министри болуп тургандар Кыргызстандагы бай адамдардын катарына кирерин белгиледи. Мисал катары Жантөрө Сатыбалдиевдин, Нурлан Сулаймановдун ысымын атап, мындай көрүнүштүн себебин түшүндүрдү.

-Акыркы 25 жылда мамлекетке алынган карыздын жарымы жол курууга бөлүндү. Бул тармакта системага салынган жемкорлук пайда болуп, ошону менен алектенип келишкен. Биз бул боюнча атайын комиссия түзүп, текшерүүгө алышыбыз керек. Анткени мында бир гана чиновниктин кармалышы ал жердеги системаны ачыкка чыгарды. Бир орун басардын ак үй-көк үйдө колдоочулары болбосо, мындай ишке барууга чыгына алмак эмес. Бул жерде чоң адамдардын аралашуусу бар,-деди эл өкүлү.

Жунус уулу аталган министрлик жең ичинен акча алып, жолду кымбат баага курууга кайыл болгонун айтып, сынга алды. Комиссия түзүлүп, текшерүүгө алынса, мындай мыйзамсыз көрүнүштөр дагы чыгарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы министрдин орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканы айтылат. Буга чейин 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.

Copyright © 2017 Maral FM