Биз менен байланышыңыз

Тойлорду тыюу аракети кайра жанданды

Коом | 6 Дек 2018 | 1179 | 0

Болжол менен 10 жылдан бери көтөрүлүп бирок, бир чечим же мыйзам кабыл алынбай келе жаткан той-аш маселеси кайрадан талкууда. Эми коомдук ишмерлер, мурдагы депутаттар жана жарандык активисттер тойлорго чектөө киргизүү боюнча кол топтоону демилгелеп чыгышты. Экс-депутат Аида Салянова 2016-жылы демилгелеген мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизилип, атайын топ түзүлдү. Эми ал мыйзам элдик демилге менен көтөрүлөт.

“Тапканың тойго буйрусун” деген тилектин арты менен күз келер замат той-топурдун күнү башталат. Айрым экономисттердин эсебинде  жыл сайын кыргызстандыктар 2 млрд доллардай чыгымга учурап, той-аш өткөрөт. Бул сумма орточо эсеп менен алганда гана.

Аш-тойлордогу ашкере ысырапкорчулукту жоюу максатында буга чейин далай жолу парламентте маселе көтөрүлүп, кайра эле ошол депутаттар тарабынан колдоо таппай келет. Мындай маанидеги мыйзам долбоорлорунун  өтпөй калышында тойкана менен бизнес кылган, кызыкчылыгы болгон тараптардын колу бар дешет демилгечилер.

Эске салсак, буга чейин экс-депутат Аида Салянова бул өңүттөгү мыйзамды көтөрүп чыккан. Анда тойлорду өткөрүүгө чектөө коюу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге тиешелүү болгон. “Биринчиден чоңдор бул жолду баштаса, карапайым калк да ошол жолго түшмөк”,- дейт Аида Салянова. Бирок ал мыйзам Жогорку Кеңеште колдоо таппай калгандыктан, эми конституциянын негизинде, элдик демилге менен кол топтоо аркылуу алып чыгышат.

Бул мыйзам азырынча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге тиешелүү болот. Бирок эгерде бул демилге колдоо тапса, албетте, эл дагы ошол жолго акырындык менен түшмөк.

Аида Саляновага чейин бул маселени коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев да көтөргөнүн айтат. Элдин руханий оорусуна айланган бул адаттан арылуу учурдун талабы деп кабатырланууда. Атаандаштык, куру намыс деп өткөргөн тойдун артынан эки ара жолгон түшкөндөр да жок эместигин айтат.

Ресторан мафиясы биринчи орунда турат. Аларга тойду кредитке алып өткөргөнү, карызга батканы баары бир. Пайда тапса болду. Мындай моралдык оору кыргызга гана таандык болуп жатат. Башка өлкөлөр бул жакта турсун, биздеги эле башка улуттун өкүлдөрү мындай ысырапкерчиликке барбайт. Тапканыбызды чачып, жакыр болуп жатабыз.

Айрым көз карандысыз иликтөөлөр бир жыл ичинде жарым миллиондон ашык үй-бүлө ар кандай той-топур өткөрө турганын көрсөткөн. Ал тойлорго союлган жандыкты ашкере ысырап кылуунун ордуна, этти экспорттоого мүмкүн деген ойлорун айткандар да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова ысырапкерчилик боюнча атайын иликтөө жасоого кызыктар экенин айтып, чакырылган конокторго чектөө эмес, кеткен чыгымды азайтуу керек деген оюдо.

-50-100 киши чакырсын дегенге каршымын. Чакырсын бирок ысырапкерчиликке барбаш керек. Мисалы коңшу өлкөлөрдө 1 койду 200 кишиге жеткирип той беришет. Биз да ошону үйрөнүшүбүз керек.

Эми элдик демилге менен көтөрүлө турган мыйзам үчүн кеминде 10 миң кол топтолсо, ашкере ысырапкорчулук чиновниктерден башаталат деп үмүт кылып туралы.

Copyright © 2017 Maral FM