Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чала жолдон «чарчаган» элеттиктер

Коом | 6 Дек 2018 | 797 | 0

Баткен облусуна караштуу Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолу 2014-жылы курулуп бүтүп, 11 айылдын жашоочуларынын Өзбекстандан көз карандысыз каттамы болмок. Аймактарды өнүктүрүү жылында бул аймак өнүкпөй эле элеттиктердин көйгөйүнө айланды. Чала калган жол кыш жакындаган сайын тайгак болуп, жүргүнчүлөр азап тартышууда. Жолду куруу иштери 2011-жылы башталган болсо, ошол бойдон аягына чыкпай, тиешелүү органдар казына акча жоктугун айтып келишет.

Согмент айылынын тургундары өлкө башчысын бүтпөй калган жолду аягына чыгарат деген үмүт менен шайлашкан. 7 жыл өтсө да 30 чакырым көз карандысыз каттам пайдаланууга бериле элек.

-Жолду куруп берет деп президенттерди шайлайбыз. Алар өздөрү менен убара. Биз менен эч кимдин иши жок. Жашообуз кыйын. 2 жарым сотыхтан үлуш жер берилген. Азыр жаштарыбызга жашаганга жер жок.

-Кыштут, Дара айыл аймактарында жол маселеси өтө оор. Жолдун начардыгынан Өзбекстандын Сох анклавын аралап өтөбүз. Эгерде  кошуналар менен чыр-чатак болгондо бул жолдон жүрүүгө туура келет. Согмент, Газ, Чарбак айылдарынын башка айласы жок, ушул жерден катташат. Айрыкча, кышында жолдун абалы өтө начар.

Согмент айылынын тургуну Сабыр Амирбековдун айтымында, жолду утурумдук сүрдүрүп турууда айылдыктардын капчыгына келип такалат. Тиешелүү кызматтардан ары-бери чуркап техникасын алышканы менен күйүүчү майына элден каражат топтоо адатка айланган.

-Жолду сүрдүрүү үчүн айыл өкмөтү районго баруусу керек экен. Тийиштүү жетекчилерге кайрылса, алар күйүүчү май жок деп айтышат. Ошентип элден акча чогултууга туура келет.

Элдин бул көйгөйлөрү аймактарды өнүктүрүү жылында да чечилбестиги айкын болду. Анткени, Кыштут айыл аймагынын башчысы Аширали Эркебаевдин айтымында, мамлекеттин казынасында жолго деп бөлүнүүчү 237 млн сом тартыш болууда.

— Айгүл-Таш-Согмент-Таян  жолу боюнча биз жогору жактагыларга Транспорт жана жолдор министрлигине да кат жүзүндө кайрылдык. Мамлекетте бюджеттин тартыштыгынан быйыл бөлүнбөстүгүн айтып жатышат. Буюрса эмки жылда планга кирип калат деген үмүттөбүз.

Ош-Баткен-Исфана автожолдор башкармалыгыгын жетекчиси Ашим Усенов да жыл сайын сунуш берилгени менен мамлекеттен  каражат бөлүнбөй жатканын айтат. Эгер жагдай ушул бойдон уланса, бул жолдун курулушу көп жылдарга созулат.

Айгүлташ-Согмент-Таян жолу 2011-жылы башталган. Сметалык баасы 237 млн сом. Бүгүнкү күнгө чейинки аткарылган жумуштардын көлөмү 116 млн сом. Жыл сайын план түзгөндө департаментке, Транспорт жана жолдор министрлигине сунуш берилет. Республикалык бюджеттин тартыштыгына байланыштуу планга аз-аздан бөлүнүп келет. Ошондуктан жодун курулушу жылдан-жылга уланып, бүтпөй келет.

Copyright © 2017 Maral FM