Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 9.3 миллион евро грант берди

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 574 | 0

Финансы министрлигинин эсебине 5-декабрда 9.37 миллион евро өлчөмүндөгү каражат келип түштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аталган сумма өлкөнүн билим берүү тармагын реформалоо үчүн Евробиримдиктин 30 миллиондук грантынын алкагында келди. Бул соңку үчүнчү бөлүгү болуп саналат. Буга чейин 2016-2017-жылдардын декабрь айында келип түшкөн.

Эске салсак КР өкмөтүнүн 2016-2017-жылы түзгөн 2020-жылга чейин билим берүү тармагын реформалоо боюнча стратегиялык планынын негизинде Евробиримдик каржылык колдоо көрсөтмөк.

Биримдик мунун менен өлкөдөгү кесиптик техникалык жана педагогикалык билим берүүнү жакшыртууну көздөйт.

Copyright © 2017 Maral FM