Биз менен байланышыңыз

Баткен: Акысын ала албаган тургундар «Чакыр япыга» нааразы

Коом | 5 Дек 2018 | 1011 | 0

Баткен облусунун жумушчулары «Чакыр Япы» жол куруу компаниясына алданып калганын айтып, нааразычылык акциясына чыгышты. Бул компания жергиликтүү тургундарды иштетип, үй-жайын жана техникаларына  чейин ижарага алган. Жыйынтыгында, 300 миң долларга чейин карыз болуп калган. Түрк компаниясы өткөн жылдан бери карыздарын берүүнүн ордуна ар кандай шылтоолорду айтып келет.

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Советбек Абдраимов түркиялык «Чакыр Япы» компаниясына иштөө үчүн келишим түзгөн. Өткөн жылдан бери Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынан Кызыл-Кыя шаарына чейинки жолдо иштеп келди. Бирок бүгүнкү күнгө чейин маянасын ала албай жатат.

Келишим түзүп иштегенбиз. Мен күйүүчү май бергенмин. Менин калган 600 миң сом акчам бар. Ошону бир жылдан бери ала албай жатам.

Ушул эле айылдын дагы бир тургуну Шерахмат Алимбеков мындан 2 жыл мурда аталган компанияга 2 курулуш техникасын ижарага берген. Бирок бүгүнкү кунгө чейин анын дагы ижара акысын ала албай жатат.

-2017-жылдын октябрь айында 2 техника бергенбиз. Ошол бойдон акча бербей келет. Бир гана мен эле эмес, күзөтчүсү да, ашпозчусу да акчаларын ала албай жатышат.

Компаниядан акысын ала албаган жумушчулар буга чейин өлкө башчысына да кайрылышкан. Бирок ал жактан дагы алгылыктуу жооп ала алышкан эмес.

-Январдан бери эч кандай айлык алган жокпуз. Анда берилет, мында берилет деп жатып, күнгө жеттик. 19-ноябрь күнү биз 50дөй  адам президентке кайрылуу жасадык. Эч кандай жыйынтык болгон жок. Кимдир бирөө биздин кайрылууну жокко чыгарып, жетпей калып жатабы деп да ойлоп жатабыз.

Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынан Кызыл-Кыя шаарына чейинки 33 чакырымдан ашуун жол 2019-жылдын декабрь айына чейин толугу менен бүткөрүлүүгө тийиш эле. Бирок жумуштагы мындай көрүнүш кызматкерлердин нааразычылыгын күчөтүүдө. Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков бул окуя тууралуу эми гана кабардар болгонун айтты. Компания менен сүйлөшүүлөрдү тез арада баштаарын билдирди.

-Азыр жетекчилик менен сүйлөштүм. Алардын жетекчилиги сөз берип, жума күнү келип эл менен жолугуп, маселени жеринде чечерин айтты.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги жогоруда айтылган жолду курууга керектүү каражатты толук которуп бергенин айтууда. Анткен менен жумушчулардын айлык маянсына кийлигише албайт. Анткени келишим компания менен жумушчулардын ортосунда гана түзүлөт. Бирок жумушчулардын айлыгын тез арада төлөп берүү боюнча компанияга кат жөнөткөнүн аталган ведомстводон кабарлашты.

Эскерте кетсек, Ош-Баткен-Исфана жолунун 33 чакырым 400 метр жолду асфальттоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 20 млн АКШ доллары каралып, тендерден «Алке Иншаат» компаниясы уткан. Бирок аталган ишкана «Чакыр Япы» компаниясына жоопкерчиликти берип, жогорудагы маселелердин жаралышына алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM