Нурлан Акматов “Манас” эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 5-декабрда аталган ишкананын директорлор кеңешинин жыйыны өтүп, анда Акматовду төрага кылып дайындоо чечими кабыл алынды.
Нурлан Акматов 2011-жылдан бери “Газпром нефть Азия” ишканасынын башкы директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары болуп иштеп келген.
Кошумчалай кетсек, 3-декабрда «Манас» аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев өз каалоосу менен арызын жазып кызматтан кеткен. Анын ордуна убактылуу жетекчи болуп Мирлан Бегалиев дайындалган болчу.