Биз менен байланышыңыз

Белизгейттин «сыры» ачылганы калды

Саясат | 5 Дек 2018 | 114 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Белизгейт» боюнча документтеги «жашыруун» деген грифти алып салуу боюнча иш алып барууда.

Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинде “Белизгейт» маселеси боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

-Түзүлгөн комиссия “Белизгейт» деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишинен «жашыруун» деген грифти алып салуу боюнча иштеп жатат. Анын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин материалдар Башкы прокуратурага жиберилет.

Буга чейин Башкы прокуратура «Белизгейт» документи боюнча кылмыш иши жашыруун иликтенчү материалдардын катарына киргендиктен, комментарий берүүгө маалымат жетишсиз болуп жатканын билдирген. Ошондуктан андагы “жашыруун” грифин алып салуу сунушталып келет.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов «Белизгейт» деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишинде өлкө коопсуздугуна шек келтирген жашыруун деле маалыматтар жок экенин белгиледи. Ал комиссия жашыруун грифти алып салуу боюнча чечим кабыл алса, анда коомчулукка баардык жагдайлар белгилүү болот деп эсептейт.

-Документте мамлекеттин кыпындай да сыры жок. Анда Абдил Сегизбаевдин жасалма документти алып келип парламентке, элге калпты айтты деген эле сыр болбосо, башка эч нерсе жок. Эми УКМК сырдуу деген макамды алышы керек. Андан кийин коомчулукка билинет. Бизде ачык-айкындуулук деп атап жаткандан кийин бардык нерсе ачык болушу керек. А мамлекеттик сыр деп курал-жаракты, стратегиялык объектилерди, мамлекеттин улуттук коопсуздугуна залакасы тийип калчу маалыматты айтат. Ал эми Белизден жасалма документтин келишинин эмнеси сыр?

Мындан эки ай мурун «Ата Мекен» фракциясы «Белизгейт» маселесин карап, аталган документ жасалма экени айтылып, жалган маалымат таратты деп УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевди жоопко тартууну талап кылышкан. УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев Белиз өлкөсүнөн эч кандай документ келбегенин айткан. Ал эми Башкы прокуратура Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Ошондой эле өткөн аптада Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жабык жыйында депутаттар ушул маселени көтөрүп, “Белизгейт” ишинин материалдарынан «жашыруун» деген грифти алып, ачык иликтенчү иштердин катарына кошууну суранышканы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Асия Сасыкбаева «Белизгейт» документинин үстүндө Сегизбаев гана эмес, көп адам иштегенин айтып, алардын ысымын жаап-жашыруу аракетинде материалды жашыруун деп айтып келишкенине токтолду.

-Анда фамилиялар чыгып калат деген коркунучтар чыгып калууда. Мурунку жетекчилер мыйзамга каршы жумуш жасашкан да. Андан сырткары үч адамдын аброюна абдан чоң шек келтиришкен. Бул иш кийин сотко берилиши мүмкүн. Жасалма документ өлкөнүн эң бийик мамлекеттик институту тарабынан жарыяланган. УКМК жарандарынын коопсуздугун карабай, адамдарга туура эмес иш жасап, элди кооптондуруп жатат. Каалаган эле адамды ушинтип күнөөсүз жазалап койсо болот экен дегенди түшүндүрүп жатат.

Юристтердин айтымында, жашыруун мамлекеттик сыр атайын мыйзамдар менен аныкталат. Ал эми түзүлгөн комиссия «Белизгейт» боюнча документти мыйзамсыз эле жашыруун деп койгон деген чечимге келерин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова айтты.

-Аталган маселе башынан эле эч кандай жашыруун болгон эмес. Анткени документте кылмыш жөнүндө сөз болуп жатты. Бирөөнү күнөөлөш үчүн жөн эле жашыруун деп ошол кезде чечим чыгарып коюшту. Эми комиссия түзүлгөн болсо ага да баа бериши керек. Себеби мыйзамда мамлекеттик кызматкердин ишмердүүлүгү ачык айкын болуусу керектиги белгиленген. Эгерде тергөө жүрүп жатса, анда тергөө жүрүп жатат деп коёт. Белизден келди деген материалда мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтире турган эч нерсе жок.

Ал эми саясатчы Ишенбай Кадырбеков комиссиясы жок эле мыйзамга таянып документтен жашыруун грифти алып койсо болорун айтты.

-Коопсуздук органдары өздөрү эле комиссиясы жок эле грифти алып койсо болмок. Эгерде мыйзамга таянбай саясатын уланта берип, ошол бойдон калсын десе, анда Кыргызстандын саясий абалы кандай экенин эл билип калат. УКМК Белизге кат менен кайрылганы, кандай документ келгени суралат да. Анан мамлекеттик деңгээлдеги документ эместиги жана саясий оюн экени ачыкка чыгат. Муну мен көрүп, билип эле турам.

Эске салсак, 2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал сөз болуп жаткан документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганы кабарлаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM