Биз менен байланышыңыз

Жапаров: 2019-жылдын бюджетин иреттегенде 2 млрд сом ашып калды

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Дек 2018 | 751 | 0

Өкмөт 2019-жылга карата керексиз чыгашаларды азайтты. Анын негизинде коррупциянын булагы эки эсеге азайды десек болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын казынасы так эсептелген, туруктуу бюджет болгон. Түшө турган салыктардын баары ордуна коюлган. Салыктар менен корголгон беренелер жабылат. Эми пенсия, жөлөк пул, айлык акылар өз убагында төлөнөт.

«2019-жылдын бюджетин иреттеп бүткөндө 2 млрд сом ашып калды. Аны аймактарды өнүктүрүүгө жумшайбыз. Мындан сырткары жергиликтүү боюжеттин каражатынын 75 пайызы өздөрүнө калтырылат. Ага кошумча Бүткүл Дүйнөлүк банктан келчү 20 млн доллар дагы кийинки жылдын өнүгүүсүнө жумшалат. Региондорду өнүктүрүү үчүн 6 жарым млрд доллар каралат», — дейт Жапаров.

Маалыматка ылайык, мындан ары Кыргызстанга келген грант же пайыздык каражаттардын баары өнүктүрүүгө сарпталат. Каражат жумушчу орундарды түзүүгө пайдаланылат. Ар кайсы аймактардагы жергиликтүү бийликте 583 млн сомдун тегерегинде өнүгүү фонддору дагы бар.

«Мындан ары жумушчу орундарын түзбөсө, экономикалык эффективдүүлүгү жок болсо, кайра кайтарымдуулугу болбосо анда ал акчаны албайбыз деп жатабыз. 25 жылдан бери бюджет биринчи жолу иреттелди десем болот. Эми киреше жагын көбөйтүшүбүз зарыл», — дейт эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM