Биз менен байланышыңыз

Азамат Бердияров: «Эмне үчүн көзү көргөндөр гана радиодо иштеш керек?»

3-декабрь мүмүкүнчүлүктөрү чектелгендер күнү экени баардыгыбызга маалым болгондой эле, биз дагы студиябызга маданияттын мыкты кызматкери ди-джей Азамат Бердияровду чакырдык. Ал эфирде көптөгөн кызыктуу окуялары менен бөлүшүп жагымдуу маек куруп берди.

«Мен радиону 2004 -жылдары угуп атып белек утуп алгам ошондон улам радиого аябай кызыгып калдым. Негизи ырчы болууну самачумун. Отуруп ойлонсом радиодо баары көзү көргөндөр экен анан айлонуп эмне үчүн мен иштесем болбойт деп радиого бардым. Эмне үчүн көзү азизтерге иштөө мүмкүн эмес деп ойлондум. Эгер ал нерсени эч ким кылбаса анда мен кылам деп тизгинди колго алдым. Болгон радиолорду угуп, үнүмдү таптап, радиолорго барып тажрыйба топтоп көп нерсе үйрөнүп атып радиодо иштеп калдым. Мен айтаар элем эгер мүмкүнчүгүнөр болуп турганда көп нерсе кылгыла, көзүнөр көрүп турганда жакшы нерселерди аткаргыла, бутуңар басып турганда жакшы жака баскыла, сүйлөгөндү билсеңер жакшы нерселерди сүйлөгүлө. Баардык нерсеге мүмкүнчүлүгүбүз болуп турганда көп нерсе кылганга аракет кылыщыбыз керек. Анткени баардыгы өзүбүздүн колубузда деп ойлойм.Мен бул тандаган кесибим үчүн эч качан өкүнбөйм жана бул кесибимди мен абдан сыйлайм жана жакшы көрөм.»-деп кошумчалады ди-джей Азамат Бердияров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM