Биз менен байланышыңыз

Туруктуулук калыптанбаган кыргыз саясаты

Саясат | 3 Дек 2018 | 941 | 0

Кыргызстанда саясатчылардын позициясы туруктуу эместигин  саясат талдоочулар билдиришет. Алардын пикиринде, өлкөдө саясий партиялар жана чыныгы саясатчылар жокко эсе. 

2010-жылдан бери Кыргызстанда президенттик-парламенттик башкаруу системасы иштеп келет. Андан бери Жогорку Кеңешке депутаттар партиялар аркылуу гана шайланат.  Коомчулукта болсо саясий партиялардын программалары жок экени сындалып жүрөт. Мындан улам саясатчылардын да позициясы туруктуу эместигин саясат талдоочу Чынара Эсенгул билдирди.

Анын баамында, партиянын терең ойлонулган идея, программалары жок. Учурда кыргыз чиновниктери өздөрүнүн деңгээлине жараша саясатты жүргүзүп келишет.

-Бизде саясатчылардын позициясы туруктуу болгон жок. Өлкөдө бат өзгөрө турган саясат жүрүп келет. Бул абдан өкүнүчтүү. Саясат жалпы дүйнөлүк жана Борбордук Азияда дагы туруктуулукка шарттарды түзбөгөн атмосфера болуп калууда. Ал туура эмес иштерди жасоого алып барууда. Саясатчылар ар кандай оюндар менен элди дагы ошол жакка тарбиялап жатат.

Чиновниктердин өздөрү деле позициялары туруктуу эмес деген пикирге кошулушат.  Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков туруксуздуктун айынан өлкөдө эки жолу ыңкылап болгонун белгиледи.

Анын айтымында, кыргыз саясатчылардын позициясынын туруксуз болушуна шайлоолор себеп болот. Анткени командагы акчанын күчү менен гана чогулуп, бийликке келүүдө. Ал эми өзү болсо саясаттагы позициясын туруктуу кармап келерин айтты.

-Саясатчыларыбыздын көбүнүн көз караштары туруксуз. Анткени алар саясатка тааныш адамдар эмес, саясатка чоочун адамдар келген. Маселен, Жогорку Кеңешке же өкмөткө болобу, бизнеси, коммерциялык аймактардан келген банкир, базары барлар, байлар келип калган. Ушулар саясаттагы чабалдыгынан позицияны туруксуз кылып, мындан улам саясат чайпалып турат. А өзүм болсо бийликке кире качып, кызмат сураган эмесмин. Туруктуулукту кармап келем.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев көз караштарды туруктуу кармоо үчүн жаңы саясатчылар пайда болуусу керек деп эсептейт.

Ар бир саясатчынын көз карашы болушу керек. Бирок азыр туруктуу деп айта албайбыз. Өлкөнүн 27 жыл тарыхында коммунисттик тарыхыбызды сатып, мамлекеттин мүлкүн талкалап, буга байланыштуу көпчүлүк саясатчылар туруктуу болгон эмес. Өзүм болсо туруктуулукту карманууга аракет кылуудамын. Туруктуу позицияны калыптандыруу үчүн жаңы саясатчылар келүүсү керек.

Саясат талдоочу Марс Сариев саясаттагы туруксуз болгон акыркы көз караштарды атады.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдоп келе жатты эле. Бир заматта эле 180 градуска бурулуп, башкача пикирде болуп калды. Азыр парламент деле позициясын өзгөрттү. Мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны колдоп келген. Жогорку Кеңеш алар тууралуу азыр башкача сүйлөйт. Бул Кыргызстанда саясий партиялар жок, чыныгы саясатчылар жок дегенди түшүндүрөт. Алар партиянын программа, идеологияларына таянбай, өз кызыкчылыктарын кантип сактап калсам деп жүрүшөт.

Жогорку Кеңешттин VI чакырылышына 6 партия шайланып келген. Депутаттар тарабынан партиялык принциптер, ички тартиптер сакталбай тургандыгы, акча менен көбүнчө жеке кызыкчылыгын чечүү үчүн келгендери айтылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM