Биз менен байланышыңыз

Минюра Рахимжанова жанданууну Марал радиосунан баштады.

Өзгөчө үнү менен таанылган эстрада ырчысы Минюра Рахимжанова кезектеги «Желе шоу» программабыздын коногу болду.

Ал эки жылдан бери сахнадан алыстап чет өлкөдө иштеп жүргөнүн билдирип кайрадан чыгармачылыкка киришкенин белгиледи. Түштүк Сахалинде жүргөн Минюра Рахимжанова Кыргызстанды, кыргыз ырларын сагынганынан мекенибизге кайтып келгени да маалым болду. Жана ошондой эле эки жылдан кийин алгачкы чыгармачылык кадамын Марал радиосунан баштаганын баса белгиледи.

«Марал радиосуна ыраазычылык билдирем. Ушул эки жыл аралыгында бир дагы радио телелерге чыга элек болчумун. Абдан сүрдөп жатам, анткени көнбөй калыптырмын. Эми буюрса жаңы чыгармаларды, жаңы клиптерди тарттырып чыгармачылыкка катуу киришем«- дейт ырчы айым.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM