Биз менен байланышыңыз

“Бишкексүт” ишканасында жаңы өндүрүш линиясы ачылды

Кыска кабар , Сүрөт | 30 Ноя 2018 | 13972 | 0

“Бишкексүт” ААК ишканасындагы жаңы технологиялык линия ишке киргизилди. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, заводдун ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Учурда завод суткасына 60 тоннага жакын сүттү иштеп чыгарса, эми 200 тоннаны иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Анда 49 аталыштагы сүт продукциясы өндүрүлөт.

Жаңы өндүрүш линиясы суткасына 144 миң бөтөлкө сүт продукциясын чыгарууну камсыздайт. Ага салынган инвестициялардын көлөмү 2 млн долларды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM