Биз менен байланышыңыз

Онкологиялык ооруну дарылоочу жабдыкты алуу конкурсуна эки компания катышты

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 604 | 0

Онкологиялык ооруларды дарылоочу сызыктуу ылдамдаткыч жабдуусун алуу үчүн конкурска эки компания катышты (ПЭТРУСКо жана MN Medical OU). Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Конкурстук комиссия катышуучулардын документтерин 60 күн ичинде текшерет. Тендерди онкология жана гематология боюнча улуттук борбор жарыялады. Жабдууну сатып алууга 352 млн 26 миң сом коротулат. Буга чейин эки жолу тендер өткөрүү аракети болуп майнап чыккан эмес.

Эске салсак, Centerra Gold.inc компаниясы онкологиялык борборго жабдык сатып алууга 10 млн доллар бөлгөн.

Буга чейин “Жардамдашуу оңой” коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева тендердеги техникалык талаптар баштагыдай  бир гана компаниянын утуп алышына шарт түзүлүп жарыяланып жатканын айтып чыккан.

Жумакулова: «Жеке кызыкчылык онкологияга аппаратты алдырбай жатат»

Copyright © 2017 Maral FM