Биз менен байланышыңыз

Жумакулова: «Жеке кызыкчылык онкологияга аппаратты алдырбай жатат»

Күн чабыт | 22 Ноя 2018 | 894 | 0

Улуттук онкология борбору Centerra Gold Inс. компаниясынан бөлүнгөн каражатка Онкологиялык ооруларды дарылоочу сызыктуу ылдамдаткыч жабдуусун алуу үчүн үчүнчү жолу тендер жарыялаганы маалым болду. Бирок “Помогать легко” коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева ал жабдыкты жакында келет деп күтпөй эле коюш керек деген пикирин айтты. Буга ал тендердеги техникалык талаптар баштагыдай  бир гана компаниянын утуп алышына шарт түзүлүп жарыяланып жатканын жүйө келтирүүдө. Мына ушул теманын айланасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова менен маектештик.

-Эмне себептен бул аппаратты алуу кечеңдеп жатат?

Кыргызда «Багы жокко дагы жок» деген сөз бар эмеспи. Онкологиядагы көйгөйлөр  жетекчиликтин, министрликтин кетирген кемчиликтеринин айынан болуп жатат деп ойлойм. Азыр тендердик комиссияга мүчө боло албай турган инсандар да мүчө болушкан экен. Негизи радиациялык коопсуздукту камсыз кылган Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиги бар. Мына ошолор аркылуу бул аппаратты алып келиш керек эле. Бирок чоң кемчилик кетиришип, азыркы абалга келишти. Менимче Аляеванын да жеке кызыкчылыгы бар окшойт. Анткени ал алып келип жаткан байланышы бар компания өтпөй калып жатканын, ошондуктан маалымат жыйын өткөрүп жатканы тууралуу маалыматтарды уктум. Эми тендер эмнеге узап жатканы, деги эле ал кандай өтүп жатканы тууралуу так маалыматтар бизде жок. Анткени Коомдук кеңешке кабар берген жок. Биз менен кошо кеңеш түзүп, мүчөлөрдүн катышуусу менен иш каралышы керек эле. Бул жерде коррупциянын элементтери бар го.

-Бул аппараттын кечигүүсү онкологиялык оорулар менен жабыркап жаткандарга канчалык деңгээлде зыянын тийгизүүдө?

Бул оору менен жабыркагандар дары-дармектен тышкары аталган аппаратка да муктаж. Ал жабдыктын жоктугу оору менен күрөшүүнү аксатат. Ал эми бул оорунун олуттуулугун билесиздер.

-Тендер өткөрүүдө бир гана компаниянын техникалык шарттары туура келген талаптар жазылып жатканы, ич ара сүйлөшүүлөр болуп жатканы айтылууда. Ал эми аны текшерип чыга турган физиктер да Кыргызстанда саналуу болуп жатканы да кабарланып жатат. Муну ким көзөмөлгө алыш керек? Тиешелүү органдарга кайрылуу болдубу?

Бул маалыматтарды буга чейин мен да уккан эмесмин да. Кече кабардар болдук. Эми тиешелүү адистер менен баарлашып, дагы кененирээк маалымат алабыз го. Ошол эле тендер жана башка жагдайлары тууралуу тереңирээк маалымат алабыз. Ушул жерден дагы бир жолу баса белгилей кетүүчү бир жагдай бар. Бул жөнөкөй аппарат эмес. Радиация, атом менен  иштеп жаткан соң, бир, эки адамдын сөзүн же кызыкчылыгын карабай Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиги аркылуу ишти бүтүрүш керек. Туура эмес кадам таштап алып, пайдасынан зыяны чоң болуп кетпесин.

-Мунун баарын эске алганда жоопкерчилик кимде болот? Мындай абалды жөнгө салып, мыйзам чегинде ишти аягына чыгарууга дагы эмне жетпей жатат?

Жоопкерчилик Саламаттыкты сактоо министрлигинде болот. Ошол жактагы  компетентүү эмес адистердин түзүп жаткан шарттарынын арты менен ушундай жагдай жаралып жатат.

Маегиңизге рахмат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM