Биз менен байланышыңыз

Баткендеги азык-түлүктөр эми бир бренд менен чыгат

Коом | 28 Ноя 2018 | 1472 | 0

Мындан ары Баткенде чыгарылган продукциялар «Баткен бренди» логотиби менен чыгарылат. Ал үчүн Баткен шаарында атайын отурум өткөрүлүп тамак-аш продукцияларынын 5 түрү баалоого коюлду. Тандоо «Бир айыл-бир продукт»  долбоору жана ЖИА бизнес-ассоциациясы тарабынан өткөрүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катушуусу менен тандалды.

Эми өрүктүн ширеси, өрүк курут, туздалган өрүк, өрүк майы жана өрүктөн жасалган таттуулар Баткендин бренди болуп сатыкка чыга баштайт. «Алыш Дан» айыл чарба кооперативинин мүчөсү Турсунали Төлөмүшов бүгүнкү тандоого өрүк курут, батончик жана туздалган өрүктүн түрүн алып келген. Айтымында, тандоодон өтүп Баткен бренди болсо, өндүрүлгөн азыкты сатыкка чыгарууда жакшы шарт түзүлөт

-Баткендин бренди менен биз ушул азыктарды маркировкалап, ички жана сырткы рынокто сатканга бизге шарт түзүлөт. Бул жерде дагы бир негизги нерсе, ар ким эле билгенин өндүрүп, даярдап сатып келген болсо, бүгүндөн баштап Баткендин брендин алган ишкана гана ошого татыктуу болот. Бишкекте же чет өлкөдө ушул «Баткен бренди» деп сатылса, ишеничтүү жана экологиялык жактан да таза азык экендиги тастыкталып, сатууга да жакшы шарт болот.

Бекболот Мадымаров көптөгөн изилдөөлөрдүн арты менен кургатылган мөмө-жемиштердин полуфабрикатын өндүрүүнү ойлоп тапкан. Бүгүнкү тандоого да дал мына ушул кургатылган мөмө-жемиштердин ширесин алып келген.

Бүт дүйнөдө полуфабрикаттардын мезгили болуп жатат. Полуфабрикат- бул жарым даярдалган продукт болгондуктан азыркы учурда баардык ашканаларда колдонулуп келет. Ошондуктан биз да өзүбүздө өндүрүлгөн продукцияны ошондой кылып жасадык. Бирок көп полуфабрикаттар тез бузулгандыктан, химикат көп кошулат эмеспи. Ал эми биздеги өзгөчөлүкбул-нукура кошулмасыз азык болуп саналат.

Баткен бренди болуп сатыкка чыгуу учун бүгүнкү тандоого өрүктөн жасалган 5 тамак-аш прадукциясы коюлду. Тандоо «Бир айыл-бир продукт» долбоору жана ЖИА бизнес-ассоциациясы тарабынан өткөрүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катушуусу менен тандалды. «Бир айыл-бир продукт» долбоорунун жардамчысы Огава Масаузиминин айтымында, тандоого талаптарга жооп берген ишканаларга гана катыша алат.

— Негизги талартар, бул жерде негизинен тамак-аш азыктары болгондуктан, гигеналык талаптар, тиешелүү документтери барбы, сапаты боюнча да бир канча талаптар каралган.

Баткен райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Нурланбек Орозалиевдин айтымында, бүгүнкү тандоого коюлган азыктар текшерүүдөн өткөрүлуп, талапка жооп берет.

-Өрүктүн ширеси бизге текшерүүгө келген. Цехти да барып текшергенбиз. Ошондой эле бүгүнкү тандоого катышып жаткан калган азыктарды да текшерүүдөн өткөн. Баары экологиялык жактан таза деп табылды.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун аймагында 10 миң гектрдан ашуун өрүк бактары бар. Бир жылдык кирешеси 8 млрд сомдон ашат. Эгерде өрүктүн сапаты жогорулап, экспорттун көлөмү көбөйсө, жылдык кирешеси 2 эсе жогорулашы айтылууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM