Биз менен байланышыңыз

Түркия-Кыргызстан бири-биринин жарандарына пенсия төлөп баштоосу күтүлүүдө

Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 713 | 0

Эми кыргыз-түрк өкмөттөрү бири-биринин жарандарынын эмгек стажын таанып, пенсия төлөп баштоосу күтүлүүдө. Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш карап, добуш берүүгө жөнөтүлдү.  Мындай маалыматты парламенттин басма-сөз кызматы маалымдады.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген мигранттарын гана таанып, пенсия төлөй баштайт.

«Мисалы, кыргыз жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала баштайт. Түркияда орточо пенсиянын өлчөмү 350 долларды түзөт. Иштеген адамдар Пенсиялык фондго эмгек акысынын 23 пайызын которуп турат. Пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн – 60 жаш, аялдар үчүн – 58 жаш»,-деди ал.

УчурдаТүркияда 14,5 миӊ кыргыз жараны иштесе, Кыргызстанда 5,3 миӊ түрк жараны эмгектенет. Келишим ратификацияланып калса, Кыргызстан Түркияга жылына 10 млн сом которуп турууга тийиш.

Белгилей кетсек, Түштүк Корея менен да ушундай эле келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал өлкөдө 15 миӊ кыргыз жараны эмгектенет, ал эми Кыргызстанда 250 корей жараны иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM