Биз менен байланышыңыз

Бекешев: Комиссияга УКМК жана Башкы прокуратура да кириш керек

Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 764 | 0

Мамлекеттик мүлк боюнча мыйзамды чиновниктердин жакындарына кетип калбагандай түрдө жазуу керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекет өзүнө тиешелүү мүлктөрдү башкарууда, менчиктештирүүдө аксап жатат. Мамлекеттик резиденциянын жанындагы коттедждик шаарча сатылган деп белгиледи. Бирок кайсыл депутатка тиешелүү экендиги тууралуу мааалымат бербеди.

“Менчиктештирүү боюнча комиссиянын курамына УКМК жана Башкы прокуратураны да кошуу керек. Кийин кылмыш ишин козгоп отурбашы үчүн, эгер анткен чакта да өздөрүнүн кызматкерлерин да жоопко тартышы үчүн болушу зарыл. Бул маселеге көбүрөөк көңүл бөлүү керек”, — деди.

Copyright © 2017 Maral FM