Биз менен байланышыңыз

ИИМ: КСДПнын эсепчиси кайтып келсе коопсуздугун сактайбыз

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 638 | 0

Ички иштер министрлиги КСДПнын штабынын эсепчиси өлкөгө кайтып келип ИИМге кайрылса, анын коопсуздугун сактоо боюнча иш калыс жана мыйзам чегинде иликтенерин айтууда.

Министрлик 2017-жылы президенттик шайлоодо кетирген чыгымдар боюнча тараган маалыматка байланыштуу КСДПнын штабынын эсепчисинин өмүрүнө жана анын үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп жатат деген маалыматты текшерүүнү улантууда.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, КСДПнын бухгалтери социалдык тармактарда президенттик шайлоодо коротулушу мүмкүн болгон чыгымдардын эсеби пайда боло электен 4 күн мурда өлкөдөн чыгып кеткендиги аныкталган.

Андан сырткары, 18-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сөздөрүнөн кийин кызуу талкуу жаралган учурда эсепчинин баласы да чек арадан чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM