Биз менен байланышыңыз

Бишкекте унаалардын түтүнүн текшерген рейд жүрдү

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 899 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен биргеликте журналисттер рейдге чыгышты. Анда абанын булганышынын себептеринин бири катары каралган автоунаалардан чыккан түтүн текшерилди.

Бишкек шаардык экотехинспекциянын улук инспектору Медетбек Анарбек уулу рейдде автоунаалардын көпчүлүгүндө түтүн нормадан көп болду. Негизи 50 пайыздан ашпашы керек деп белгиледи. “Азыр биздеги аппарат бир мүнөткө жетпей түтүндү аныктап берет. Турбинасы жок автоунааларда 40%, турбинасы барларда 50%дан ашпаш керек”, — деди.

Мамлекеттик экотехинспекциянын билдиришинче талапты бузуп, айып пулга жыгылгандар Бишкек шаары боюнча өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өскөн.

“Анткени быйыл 9 айдын ичинде жалпы 485 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Өткөн жылы болсо мындан эки эсе аз болгон”, — деп Мамлекеттик экотехинспекциянын бөлүм башчысы Максат Өмүров билдирди.

Эске салсак, буга чейин “Мув Грин”  кыймылы Бишкекте абанын булганышы эселеп өскөнүн айтып эскерткен. Өкмөт башчы тараптан бул багытта тапшырмалар берилген.

Copyright © 2017 Maral FM