Биз менен байланышыңыз

Төрага Жумабеков жетектеген делегация Орусияга барды

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 691 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда төрага Дастанбек Жумабеков жетектеген делегация Орусияга барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда Кремлдин жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүл чамбар коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскерлердин элесине таазим кылынды.

Расмий иш сапардын жүрүшүндө төрага Дастанбек Жумабеков бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Делегациянын курамында Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Зиядин Жамалдинов, Мухтарбек Айнакулов, Талант Мамытов, Данияр Төлөнов жана Бактыбек Турусбековдор бар.

Copyright © 2017 Maral FM