Биз менен байланышыңыз

Трамп жаш кезинде кимге окшош болгонун эскерди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 667 | 0

Американын президенти Дональд Трампты жаш кезинде ырчы Элвис Преслиге окшоштурушчу. Бул тууралуу ал өзү Миссисипи штатындагы пресс-конференциясында айтып берди.

«Эгер менин чачымын сарылыгын эске албаганда жаш кезимде ырчы Элвис Преслиге окшош экенимди айтышчу. Ишенесиңерби, мен муну өмүрүмдөгү эң жагымдуу комплимент катары көрчүмүн«,-дейт президент. Бирок журналисттерден муну бир мактаныч же көйрөңдүк катары жазбашын өтүндү.

«Элвисти сүйөбүз да, туурабы?«,-деген президент 1977-жылы 42 жашында көз жумган атактуу ырчыга 16-ноябрда «Эркиндик» президенттик медалын ыйгарды.

Анын айтымында Элвис Пресли Американын маданиятын дүйнө жүзүнүн миллиондогон калкына татыктуу тааныткан. Ал өлүмүнөн кырк жыл өткөнүнө карабай Американын маданиятынын символу катары каларын кошумчалады.

Эске салсак, ырчы жана актер Элвис Пресли миллиарддаган дисктерин сатып, учурунун эң популярдуу артиси болгон. Ырчылыктын сыртында бир катар фильмдерге да тартылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM