Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Араван районуна “Тез жардам” унаасын тапшырды

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 1354 | 0

Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Ош облусундагы Араван районуна “Тез жардам” унаасын, бөйрөктөгү ташты операциясыз түшүрчү жабдыкты тапшырышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Депутаттар Кубанычбек Нурматов, Тынчтыкбек Конушбаев, Алтынбек Сулайманов, Искендер Гайпкулов, Улан Примов жана Таабалды Тиллаев иш сапары менен барышты.

Анда алар Араван райондук ооруканасына барып, «Тез жардам» унаасын жана Япониянын өндүрүшү болгон бөйрөктөгү ташты операциясыз түшүрчү жабдыкты тапшырышты.

Ошондой эле Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Гүлбар айылындагы спорт комплексинин ачылышына барышты. Бул Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында райондо курулган 30 социалдык мекеменин бири болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM