Биз менен байланышыңыз

Прокурордун өлүмүнө шектүүлөрдүн тарапташтары тынчтык митингине чыгышты

Коом | 27 Ноя 2018 | 706 | 0

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүүнүн тарапташтары ,  окуяга күбө катары суралып жаткан 5 прокурор дагы камакка алынышын талап кылып, тынчтык митингине чыгышты.

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектүү деп кармалган Баткен шаарынын тургуну Мелис Калыковдун 100гө жакын тарапташтары митингке чыгышты. Алар прокурор өлтүрүлгөн күнү,  аны менен аңчылыкка чыккан алты прокурор да жооп бериши керек деген талапты коюшту. Минтингдин катышуучусу Баткен шаарынын тургуну Гылам Абдырахманов бул боюнча мамлекет башчыга чейин кайрылабыз дейт.

Прокуратуура кызматкерлери ыкчам түрдө иштеп жатышыт. Баштап  М. Калыковдун денесинде чийиндер гана бар деп маалымат берген болсо, эртеси күн кыйноолорго каршы эксперттер сүрөткө тарталы деп келишсе, бул мурда бар болчу деп айтып чыгышты. Демек булар оздөрүнө тийешелүү кылмыштардын баарын жаап жашырып жатышат. Булар өздөрүн ишин жакшы билишет. Аларга доступ бар, а бизге болсо жок .Ошондуктан эч кандай ишеним болбой жатат. Азыр болсо адвокаттарды да киргизбей, бизди да киргизбей жатышат. Биз качан гана тергөө учурунда Мелистин жанында 2 адам отурганда гана ишенебиз.

Буга чейин шектүүнүн жакындары окуяга кылмыштуу топ аралашканын белгилеп, терең иликтенбей жатканын билдиришкен. Кылмышка шектүү Мелис Калыковтун тууганы Дариха Калыкованын айтымында укук коргоо органдары кыйноого алып күнөөнү мойнуга алдырууда

Кармалган күнү мойнуна алды дегенге биз ишенбейбиз. Себеби, ур-токмокко алып, мас абалында күнөөнү мөйнуна алды деп атышат. Биз ошого ишенбейбиз. Биз Бишкектен жалдап келген 2 одвакатыбызда, Баткен райондук прокуратырасынын тоскоолугунан улам кире алган жок.Ошон үчүн прокуратуранын кызматкерлерин камакка алып суралсын деп атабыз. Адилеттүү тергеп берсин.Кылмыш болгон учурдагы барган адамдардын баары шектүү деп эсептеймин.

Прокурордун өлүмүнө алып келген кылмыштуу окуя  бул атайын уюшулган иш, ага окуя болгон күнү ууга чыккан 6 прокуратура кызматкерлеринин тиешеси бар. Андыктан аларда жоопко тартылуусу керек экенин айтышат, митингтин катышуучулары

«Өзумдүн кесиптештеримден бут тоосулар болууда. Менин коллективимде карама-каршылыктар болууда. Мен ошолор менен алышып жатам.» деди. Эгерде маркумдун ошол кездеги сөзүнө анализ жүргүзсөк, бүгүнкү күндө М. Калыкоду атайлап, уюштуруу жолу менен кунөөлүү деп табышты. М. Калыковдун ата-энелери боздоп жатышат.

Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Дамира Юсупова, Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши КР ИИМ тергөө кызматынын Ош шаардык бөлүмүно өткөрүлүп берилгенин айтат.

-Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча кылмыш иши 19- ноябрда КР ИИМ тергөө кызматынын Ош шаардык бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча кызматына өткөрүлүп берилди. Шектүү М. Калыков бүгүнкү күндө Ош шаардык СИЗО мекемесинде. Бизге шектүү катары кармалып келгенде оз көрсөтмөлөрүн берген. Азыркы күндө мен мойнуна алды же албады деп айта албаймын.

Белгилеп өтсөк ушул жылдын 18- ноябрында Баткен облусунун прокурору Маркум Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп өлгөн, аны өлтүрүгө шектүү деп облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалып, эки айга камалган. Облустук прокуратурадагы алты кызматкер убактылуу иштен алынган.

Copyright © 2017 Maral FM