Биз менен байланышыңыз

Алепподогу химиялык жардырууга козголоңчулар күнөөлөнүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 624 | 0

Сириянын Алеппо шаарындагы 24-ноябрда болгон уулуу заттын жарылуусунан жабыркагандардын саны 100дөн ашты. Алар дем алуусу оордоп, көзүнөн жаш чыгып жатканын айтып арызданышкан.

Аларды бейтапканага жаткырып, мониторинг иштерин жүргүзүп жаткан орусиялык дарыгерлер кылмышка оппозициялык күчтөрдү күнөөлөөдө. Бирок расмий оппозиция муну кескин түрдө четке кагып, химиялык зат же аны чыгаруучу өндүрүшү жоктугун айтууда. Алардын пикиринде Орусиянын колдоосуна таянган Асад режими оппозициянын карамагындагы аймакка чабуул жасоо үчүн шылтоо ойлоп табууда.

Ал арада Сириядагы орус аскер базасынын радиактивдик, химиялык жана биологиялык соккулардан коргонуу тобунун адистери жургузгөн байкоолорунун натыйжасында так корутундуга келе албаганын айтышты.

«Биз колдонулган куралдын эмне экенин так биле албадык. Бирок бейтаптарды дарыладык. Байкоолорубузга караганда хлорду колдонушкан»,-деп билдирди Алеппо ооруканасынын дарыгери Захер Батал. Анын айтымында аймакта жаңжал башталгандан берки жети жыл ичинде биринчи жолу химиялык зат колдонулуп жатышы. Учурда жабыркаган 107 кишинин көпчүлүгүн үйлөрүнө коё беришти.

Кошумчаласак, Сириядагы жарандык согуш учурунда 2017-жылы Идлиб шаарында химиялык заттын жардыруусуна БУУ жана Химиялык куралды колдонууга каршы эл аралык уюмдун корутундусу боюнча Асад бийлиги айыптуу. Аталган жардырууда 80ге жакын киши набыт болгон. Бирок расмий Дамаск химиялык куралдарга катышы жоктугун айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM