Биз менен байланышыңыз

«Центерранын» Кумтөрдөн арылуу амалы

Саясат | 26 Ноя 2018 | 1174 | 0

 Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы кендеги үлүштөрдү сатып алууга кытайлык жана эл аралык компаниялар кызыгып келгенин расмий ырастады. Бирок келишим боюнча акыркы чечим кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынарын белгилеген. Ал эми өкмөт азырынча үн ката элек.

Өткөн аптада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугуп, Кумтөр кенине тийиштүү маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Маалыматка ылайык, компания кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча үстүбүздөгү жылы Кумтөр кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүүнү пландаштырууда. Скотт Перри премьер-министрге маалымдагандай, акыркы бир нече жылдын ичинде эл аралык, анын ичинде кытайлык компаниялар «Centerra Gold Inc.» ишканасына инвестиция салууга же сатып алууга кызыктар экенин билдиришкен. Бирок компания бул жаатта  расмий сунуштарды ала элек.

Кайсы бир сунуш финансылык пайдалуу катары каралган шартта «Centerra Gold Inc.» милдеттүү түрдө ири акционер – Кыргызстандын өкмөтүнө келишимге кызыктарлыкты баалоо тууралуу кайрылат. «Centerra Gold Inc.» менен байланыштуу кандайдыр бир келишим боюнча акыркы чечим компаниянын акционерлери тарабынан кабыл алынат. Ошондой эле Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүүсү боюнча кошумча шарттар талкууланды, анда экологиялык төлөмдөрдүн көбөйүүсү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү каралган.

Ошону менен бирге Абылгазиев биргелешкен чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстеринин транспаренттүүлүгүн камсыздоо маанилүү экендигине, алтын кен ишканасында экологиялык ченемдерди сактоону жакшыртуу боюнча күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгына басым жасаган.

Эми канадалык компаниянын жетекчилиги “бул боюнча өкмөт менен кеңешип чечим кабыл алабыз” дегени менен запасы аз калган кендеги жаңы инвестор жөнүндө сөз болгону ар кандай ойлорду жаратты.

Себеби аталган кендин долбооруна байланыштуу келишимдин башы ачылбай турат, эки тараптын позициялары да тактала элек. Өкмөт жаңы келишимди жакын арада парламентке алып чыгарын айтканы менен бирок депутаттарга сунуш бере элек.

Бул маселени кароону Жогорку Кеңештин депутаттары да күтүүдө. Эл өкүлү Кенжебек Бокоев жаңы келишим боюнча өкмөттүн позициясын билүү керектигин айтты.

-Кумтөр кенине байланыштуу болуп жаткан окуяларга жообум деле жок. Бирок кен боюнча акыркы кабыл алынган чечимдерди жана пландарды Жогорку Кеңештин тармактык комитеттине алып келип кароо керек. Ошол аркылуу биз, эл өкмөттүн позициясын билүүсү керек. Андан кийин парламент бир чечимге келет.

Буга чейин Сапар Исаков жетектеген өкмөт «Centerra Gold Inc.» менен экологиялык чыгымдардан баш тартуу боюнча келишимге кол койгон. Ошол эле учурда суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен Давыдов жана Лысый мөңгүсүн талкалоого уруксат берилген. Ушундай чечимдерден соң канадалык компания бүт жоопкерчиликтен кутулганын Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдө мөңгүлөр жылып, суу толуп жатат. Ушундай коркунучтардан улам канадалык компания кендеги акцияларын башка ишканага сатып, кетүүнү көздөөдө.

-Азыр мамлекет ушул маселеге олуттуу карашы зарыл. 1993-жылкы келишимдин негизинде өкмөт рекультивация жасоосу керек. Коопсуз абалга келтирип туруп анан долбоордон чыгуу керек. Ошол келишимдин негизинде «Centerra Gold Inc.» компаниясын катуу кармасын. Кытайларга сатуусуна каршы чыгышсын. Эгерде канадалык компания үлүшүн башка компанияга сатып жибере турган болсо, анда «Centerra Gold Inc.» ишканасын колдон чыгарабыз. Балким кенде чоң авария болчу болсо канадалык компания жооп бербей калат. Бул боюнча сотко кайрылса, өкмөт жеңилип калат. Анткени кийинки келишимдерге такайт.

Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан өз доосунан кайра баш тарткан.

Эми Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу кол топтолот. Бул тууралуу саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, тезинен келишимди жокко чыгарып, жаңыдан келишим түзүүгө мажбурлоо менен кыргыз тарап 50 пайыз үлүшкө ээ болуу керек.

-Канада тарап Кумтөр коррупциялык келишим экенин билет. А биздин чоңдордун корккону келишим бузулуп кетсе, “Центерра Голд”, Комеко тарап кимге, канча акча бергенин бомба кылып жарып салат. Ошондон биздин аткаминерлер келшимди бузгандан коркот. Курултайда кол топтоо келешимин кабыл алдык. Чечимди азыр толуктап жатабыз. Эртең маалымат жыйын берип, жарыялайбыз. Аны президент менен парламентке жиберебиз. Эгерде чечим аткарылбаса, элдик демилге менен 10 миң кол чогултуп, келишимге каршы чыгабыз.

«Centerra Gold Inc.» менен түзүлгөн келишимге ылайык, кендеги кыргыз тараптын үлүшү азыр 26,6 пайызды түзөт.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов азыр өкмөттүн бир жыйынтыкка келе турган чечими жок экенин сындады.

-Өкмөт азыр оор абалда турат, Кумтөр боюнча канадалыктар менен кандай жыйынтыкка келели жана кайсы шарттарга көнөлү деп. Ал эми канадалыктар болсо «силер каалаганыңарды жасай бергиле, биз эртең сата турган болсок, бизге таарынбагыла» деген мааниде айтып кетишти. Буга экологияга байланыштуу бардык маселелерди мыйзамдаштырып алышты.

Кошумчалай кетсек, 6-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2026-жылы алтын өндүрчү “Кумтөр” ишканасы жабыла турганын билдирген. Анын айтымында, эл аралык эксперттер мына ушундай тыянакка келишкен. “Кумтөрдүн”жабылышы Кыргызстандын экономикасына терс таасир этпейт, коркунуч да жаратпайт. Анткени ошол убакка өлкөдө ал сыяктуу аналогдук ишканалар ачылып калат.

Copyright © 2017 Maral FM