Биз менен байланышыңыз

Кулматовдун абактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 529 | 0

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов өзүнө коюлган коррупция боюнча кылмыш ишиндеги тергөө иштерине байланыштуу 31-декабрга чейин тергөө абагында калмай болду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын мектептин курулушуна байланышкан кылмышы боюнча ишти кароодо. Ал «Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТВЕА компаниясы тарабынан аймактарга эки мектеп салуу үчүн берилген каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз иштетип, «Калыс Ордо» жаңы конушуна мектеп салуу шылтоосу менен өткөрүп алган» деп айыпталууда.

Мындан сырткары ага паспортту мыйзамсыз алганына жана Орусиянын жараны экенине байланыштуу дагы кылмыш иши козголуп, кайра артка кайтарылганы маалым болгон. Бирок Кулматовдун жактоочулары ага тагылган күнөөлөр негизсиз экенин белгилешүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM